Көчмөндөр оюнунун алкагында этникалык мода жана музыка сынагы өтөт

Жазылуу
Аталган сынактын жеңүүчүлөрү "Nomad Fashion Fest 2016" фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте этникалык мода жана музыка боюнча республикалык конкурс өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

Аталган сынак, 12-14-август күндөрү "Супара" этнокомплексинде болот. 

"Конкурстун максаты башка маданияттын улуттук салт-санааларына болгон сый-урматты тарбиялоо, жаш музыканттардын чыгармачылык чеберчилигин жана аткаруучулук маданиятын көтөрүү, фольклордук көркөм өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн жайылтуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта. 

Конкурска катышуу үчүн ар кандай аспаптарда ойноо менен жеке же топтун курамында ырдаган, этно музыканын ар кандай багыттарында (фолк жана неофолк, фолк-рок, джаз-фолк, этно-поп, нью-эйдж, дүйнөлүк музыка, дүйнө элдеринин музыкасы) өзүн сынап келе жаткан профессионал музыканттар жана музыка сүйүүчүлөр чакырылган.

Көк-бөрү оюнунун көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына кайдан жана кантип билет алууга болот?
Мындан сырткары, кийим-кече жана аксессуарлар боюнча жаш дизайнерлер: кесиптик мектептерде жана ЖОЖдо окуган, иштеп жаткан модельерлер жана кийим-кече дизайнерлери, ошондой эле бул багыттын сүйүүчүлөрү чакырылды. 

Номинациялар үч багыт боюнча болот: этно-стиль, авангард жана аксессуарлар.

Конкурстун жеңүүчүлөрү "Nomad Fashion Fest 2016" фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Бул фестиваль 2016-жылдын 5-7-сентябрында Ысык-Көл облусунда Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жүрүшүндө болот. 

"Nomad Fest" фестивалынын байге фонду 100 миң сомду түзөт: 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом ыйгарылат. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0