"Күкүктүн уясы" тасмасынын башкы ролуна каарман изделип жатат

© flickr.com / Jason ParrishКино тартып жаткан оператор. Архив
Кино тартып жаткан оператор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышкан эркектердин жашы 25-40тан, ал эми кыздардыкы 25-30дан ашпашы керек.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Режиссер Темир Бирназаровдун "Күкүктүн уясы" аттуу тасмасына башкы каарман изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине экинчи режиссер Асел Жураева билдирди.

Режиссердун айтымында, башкы каармандын образын жаратууга 25 жаштан 30 жашка чейинки кыздар керек.

"Кыргыз менен башка улуттун аралашмасындагы келбеттүү, анан кыргыз тилин жакшы билген кыздар талап кылынат", — деп билдирди Жураева. 

Режиссер Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтылуу Болот Шамшиевдин 75 жылдыгы август айында белгиленет
Ал эми сынакка катышкан эркектердин жашы 25-40тан ашпашы керек. 

Каалоочулар дүйшөмбү күндөн тарта саат 12.00дөн 17.00гө чейин "Кыргызфильм" киностудиясына барып сүрөткө түшүп кетишсе болот. Каалоочулар gnezdokukushki2016@gmail.com электрондук дарегине сүрөтү менен өзү тууралуу маалыматтарды салып жибериши керек. 

Тасма үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта Кыргызстандын аймагында тартыла баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0