19:40 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
74910

Бул кадам мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына ылайык жасалды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Китеп сүйүүчүлөр үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир нече китеп чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, китептер "Азыркы адабият", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүбүрт" серияларынын алкагында жарык көрдү. 

Мында "Азыркы адабият" сериясында Сагын Акматбекованын "Жандептер", Төлөгөн Мамеевдин "Жан дүйнө жаңырыгы", Тойчубай Субанбековдун "Төө комдоттун уясында", Мелис Абакировдун "О, опаасыз, опаасыз дүйнө", Мурза Гапаровдун "Тандалмалары", мындан сырткары Эгемберди Эрматовдун "Исфайрам аваздары" аттуу ыр жыйнагы уйгур тилинде, Ашым Жакыпбековдун "Лунная ведьма" ("Айдагы жезкемпир") аттуу китеби орус тилинде жана ар муундун өкүлдөрүнөн турган 17 автордун аңгемелеринин топтому "Рассказы" деген аталышта жарык көрдү (котормочусу Таалайбек Осмонов). 

Ал эми “Дүбүрт” сериясынын алкагында Иманбек Азизилла уулунун "Бүтпөгөн ырлар", Шайырбек Тагаевдин "Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес", Умар Нусубалиевдин "Улуу тилегим", Лира Камчыбекованын "Кыялымда кыйбасым" жыйнактары, Насыпбек Асанбаевдин "Дудук" аттуу чакан повести жана Кубанычбек Аркабаевдин "Суунун сурагы" аттуу китеби чыгарылды. 

Ошондой эле "Дүйнөлүк адабият" сериясында түрк элинин улуу акыны Назым Хикметтин "Мажүрүм тал" ырлар жыйнагы экинчи ирет, белгилүү француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин Салижан Жигитовдун котормосундагы "Кичинекей Ханзада" повести, Уильям Фолкнердин аңгемелер жыйнагы (котормочу Э.Отунчиев), Америка жазуучусу Эрнест Хемингуейдин аны дүйнөгө атагын чыгарган, Нобель сыйлыгын алууга өбөлгө болгон "Чал жана деңиз" повести (котормочу М.Токтомушев) жана америкалык акын Уолт Уитмендин "Жалбырактар" аттуу ыр жыйнагы (котормочу С.Эралиев) жарыкка чыкты. 

Бардык китептер 500 нускадан чыгарылды.

Тема боюнча

Ошто асман алдында китепкана уюштурулду
Белгилер:
тил, кыргыз тили, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ