БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-апрель күндөрү Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында "Шабдалы гүлү" аттуу спектаклин тартуулай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумабек Осмоновдун режиссерлугу алдында коюлган чыгармада бир үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылып, ал аркылуу бүтүндөй дүйнө кандай коркунуч алдында тургандыгы сүрөттөлөт.
Ичкиликке берилип, үй-бүлөсүнүн кадырына жетпеген үй ээси качан гана уулу кырсыктаганда гана жашоонун баа-баркын түшүнө баштайт.
Спектаклге көрөрмандар 6-апрелде саат 14.30 да жана 7-апрель күнү саат 12.00дө күбө боло алышат.