Кыргызстандын туңгуч музейи 90 жылдыгын белгилейт

© Sputnik / Табылды КадырбековФрунзенин мемориалдык үй-музейи. Архив
Фрунзенин мемориалдык үй-музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мааракеге карата музейде көчмө көргөзмө уюштурулуп, ал илимий-практикалык конференция менен коштолот.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде "Кыргызстандын туңгуч музейине 90 жыл" аттуу көчмө көргөзмө ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында өтө турган иш-чара Росскызматташуу өкүлчүлүгү катышкан илимий-практикалык конференция менен коштолот.

"Көргөзмөдө тартууланган экспозиция музейдин жаралуу тарыхын, буга чейинки жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгүн чагылдырат. 90 жылдык өмүрүндө аталган музей мемориалдык жааттагы бардык музейлердин методикалык борборуна айланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Илимий конференция Михаил Фрунзеге жана музей ишмердүүлүгүнө арналып, үч багытты камтыйт. Анда белгилүү илимпоздор менен музей боюнча адистердин өз докладдары менен чыгуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0