Төлөмүш Океевге арналган фестиваль бүгүн ишин баштайт

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыздын улуу режиссеру Төлөмүш Океев. Архив
Кыргыздын улуу режиссеру Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын улуу режиссеру Төлөмүш Океевдин урматына өткөрүлүп жаткан фестивалда көрөрмандар "Бакайдын жайыты", "Кызыл алма" сыяктуу тасмаларды көрө алышат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө СССР эл артисти, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин элесине арналган кинофестиваль өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Иш-чаранын программасында Океевдин толук метраждуу көркөм тасмаларынын ретроспективасы, режиссердун атын алган "Кыргызфильм" студиясында тартылып эл аралык кинофестивалдарга катышкан тасмалар, бүгүнкү режиссерлордун эмгектери жана "Төлөмүш Океев" аттуу даректүү тасмасынын көрсөтүлөрү пландаштырылган.

Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат Азиянын мыкты режиссерлорунун катарына кирди
Фестивалдын уюштуруучулары иш-чарада режиссердун өмүрү жана чыгармачылыгы чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү жана Океевдин тандалган тасмаларынын DVD-коллекциясынын бет ачары өтөрүн белгилешти.

Бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 15.00дө "Төлөмүш Океев" даректүү тасмасы менен бирге 1966-жылы тартылган "Бакайдын жайыты" фильми көрсөтүлөт.

Ал эми кечинде, саат 17.00дө 2011-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган "Назик канбийке" тасмасы тартууланат.

Фестивалдын экинчи күнүндө Океевдин тандалган тасмаларынын DVD-коллекциясынын бет ачары өтүп, 1975-жылы тартылган "Кызыл алма" тасмасы көрсөтүлмөкчү. 

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0