Султан Раевдин "Жан жаза" романынын бет ачары Лондондо өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЛондон шаарындагы "Биг Бен" сааты. Архив
Лондон шаарындагы Биг Бен сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жазуучу Султан Раевдин "Жан жаза" аттуу чыгармасы "2014-жылдын эң мыкты романы" деп табылган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Султан Раевдин "Жан жаза" романынын бет ачары эл аралык адабият жана китеп фестивалынын алкагында Лондон шаарында болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. 

Аталган фестиваль 6-9-ноябрь күндөрү Лондондо өтөт. Бул маданий иш чара Борбор Азия аймагындагы адабиятты жайылтуу жана жергиликтүү авторлорду чет жакта таанытууну көздөйт. 

Фестивалдан алкагында кыргызстандык жазуучусу Султан Раевдин "Жан жаза" романынын бет ачары да болот. Ал британиялык Hertfordshire Press басма үйү тарабынан басылып чыккан.

СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрдын башында Миңжылкиев атындагы фестиваль өтөт
Раев бул чыгармасынын үстүнөн жыйырма жылдай иштеген. Анын мазмуну адам баласынын басып өткөн жолу жана адамзаттын дүйнөдөгү ролу тууралуу философиялык ой-толгоолор камтылган.

Китептин бет ачаарынын алкагында автордун чыгармачылыгы талкууланып, жазуучулар, адабият сынчылары жана басма үйлөрүнүн өкүлдөрү өз пикирлерин билдирет. Ошондой эле Султан Раев Кембридж университетинде "Борбор Азиядагы заманбап адабият процесси жөнүндө" лекция окуйт. 

Фестивалга конок катары Улуу Британиядан (Дэвид Перри, Ник Рован, Хамид Исмайлов, Роберт Вайт, Фариде Хият), Австралиядан (Пол Уилсон), Казакстандан (Кайрат Закирьянов, Елена Безрукова, Мухтар Шаханов), Шотландиядан (Шахсанем Мюррей), Канададан (Максим Корсаков) жана башка мамлекеттерден жазуучулар келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0