15:43 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
үйнө эпосторунун III фестивалынын катышуучусу сахнада.

Сариев өкмөт улуттук маданияттын үлгүсү болгон эпосторду өнүктүрүүнү колдорун айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан тарта Бишкекте өтүп жатат. Ал 7-сентябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Дүйнө Эпосторунyн III фестивалын эпос жаратып, муундан-муунга өткөрүп келген элдердин башын бириктерген окуя деп атады.

Ал кыргыз эли үчүн "Манас" баштаган эпостор жөн гана адабий чыгарма же элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү эмес, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атагандай, "рухубуздун туу чокусу" экендигин айтты. 

  • Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан тарта Бишкекте өтүп жатат.
    Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан тарта Бишкекте өтүп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Фестивальдын ачылышына премьер-министр Темир Сариев катышты.
    Фестивальдын ачылышына премьер-министр Темир Сариев катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Фестиваль алкагында илимий симпозиум, көргөзмөлөр өтүп жатат.
    Фестиваль алкагында илимий симпозиум, көргөзмөлөр өтүп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин уланат.
    Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин уланат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Фестивальдын максаты — чыгармачылыктын кайталангыс түрүн сактоо жана өнүктүрүү.
    Фестивальдын максаты — чыгармачылыктын кайталангыс түрүн сактоо жана өнүктүрүү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан тарта Бишкекте өтүп жатат.

"Элибиз өз тарыхын, өз тагдырын, салт-санаасын эпостор аркылуу айтып келген. Кыйын учурда кайгысын мына ушул чыгармаларга катып, андан азык алса, бакубат турмушта болгон жетишкендигин, кубанычын эпостор аркылуу атадан-балага, муундан-муунга айтып берген. Ошондуктан, улуттук маданияттын үлгүсү эпосторду сактоо жана өнүктүрүү, биздин негизги милдетибиз", – деп билдирди премьер-министр. 

Премьер кыргыз өкмөтү бул милдетти татыктуу аткарууга өз аракетин жумшап, бүгүнкү эпостор фестивалы сыяктуу иш-чараларды ар тараптуу колдоого даяр экенин кошумчалады.

Дүйнө эпосторунун III фестивалы 3-сентябрдан тарта Бишкекте өтүп жатат. Ал 7-сентөябрга чейин уланат. 

Анын максаты — чыгармачылыктын кайталангыс түрүн сактоо жана өнүктүрүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таанусун бекемдөө. Фестиваль алкагында илимий симпозиум, көргөзмөлөр өтүп жатат.

Тема боюнча

Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалына 15тен ашуун өлкөнүн өнөрпоздору катышат
Белгилер:
фестиваль, дүйнө эпосторунун III фестивалы, Темир Сариев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ