"Кыргыз көчүндө" өткөн сынакта боз үй 14 мүнөттө тигилди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүБоз үй. Архив
Боз үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көчү" этношаарчасынын ачылыш салтанатынын алкагында "Боз үйдү тез тигебиз!" аттуу сынак уюштурулду. Тигилип жаткан алгачкы боз үйдүн түндүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов көтөрдү.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалынын" алкагында "Кыргыз көчү" этношаарчасынын ачылыш аземи болуп өттү. 

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалына 15тен ашуун өлкөнүн өнөрпоздору катышат
"Кыргыз көчү" этношаарчасынын ачылыш салтанатынын алкагында "Боз үйдү тез тигебиз!" аттуу сынак уюштурулду. Тигилип жаткан алгачкы боз үйдүн түндүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов көтөрдү.

Сынакта 14 мүнөттүн ичинде боз үй тиккен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Төлөсүн Бектемиров баштаган алты жигиттин тобу жеңишке жетти.

Маалыматка ылайык, бүгүн манасчылардын, чет элдик жана жергиликтүү илимпоздордун катышуусу менен илимий-практикалык симпозиум өтүп, манасчы-дастанчылардын конкурсу башталат.

Ал эми кечки саат 19.30да Ала-Тоо аянтында "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалынын" расмий ачылышы өтөт.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0