Россия кыргызстандык студенттер үчүн билим берүү квотасын көбөйттү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив: абитуриенттер
Архив: абитуриенттер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-Петербург комиссиясынын отурумунда маданий-гуманитардык тармакта кызматташтыкты кеңейтүү максатында Россия КР жарандары үчүн билим берүү квотасын 15 миңге чейин кеңейтерин билдирилди.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Маданий-гуманитардык тармакта кызматташтыкты кеңейтүү максатында Россия өкмөтү Кыргызстандын жарандары үчүн билим берүү квотасын көбөйтөрүн Санкт-Петербургдун министрлер кабинетинин мүчөсү Евгений Григорьев кызматташтык боюнча Кыргыз-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн отурумунда билдиргенин кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.

"Маданий-гуманитардык тармакта кызматташтыкты кеңейтүү максатында Россия өкмөтү Кыргызстандын жарандары үчүн билим берүү квотасын 10 миңден 15 миңге көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алды", — деди Григорьев.

Эки жыл ичинде Санкт-Петербургдун 30 университетинде 211, ал эми кесиптик орто билим берүү программасы боюнча 27 кыргызстандык студент билим алган.

Андан сырткары, тараптар Санкт-Петербург менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илимий уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты улантуу жөнүндө кызматташтыкка жетиши. Биргелешкен иш илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын кесипкөйлүгүн жогорулатууга, илимий-техникалык маалымат жана адабият менен өз ара алмашууга, ошондой эле илимий конференцияларды өткөрүүгө багытталат. 

"Билим берүү тармагындагы кызматташтык биздин ынтымакташтык мамилелерибизди бекемдөөгө түрткү болот. Биз билим берүү боюнча байланышыбызды өрчүтүүгө көбүрөк көңүл бурушубуз зарыл, себеби бул биздин элдерди тыгыз байланыштырчу нерсе», — деп белгиледи КР вице-премьер-министри Валерий Диль.

Комиссиянын соода-эконмикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча эмки отуруму 2015-жылдын ортолорунда Санкт-Петербургда өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0