Кыргызстанда бүгүн кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАрхив: Геннадий Базаров, Валерий Вилинский
Архив: Геннадий Базаров, Валерий Вилинский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз киносунун күнүнө карата Бишкек шаарындагы Кино Үйүндө салтанаттуу кече болот.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Бүгүн Кыргыз киносунун күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев кино өнөрүнүн өкүлдөрүн куттуктады. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Каардуу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тушоосу кесилген кыргыз киносунун даңазалуу тарыхы бар. Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис сыяктуу режиссерлор кинематографиябыздын башатында туруп, калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүп, «кыргыз кереметин» жаратып, элибизди дүйнөгө даңазалаган", – деп айтылат куттуктоодо.

Сүймөнкул Чокморов эс алууда. - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кино үйүндө Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдыгы белгиленди
Президент "кыргыз кереметинин" жаралышынын башында турган залкар актерлер Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаевалардын ролун белгилейт. 

Мамлекет башчысы кыргыз киносу эгемендүүлүк жылдары кайрадан жандана баштаганын, кино тармагына жаштардын жаңы толкуну келгендигине күбө катары "Курманжан Датка" тасмасын белгиледи.

Бүгүн Бишкек шаарында Кино Үйүндө кыргыз киносунун күнүнө карата иш-чара өтүп, анда кино өнөрүнүн адамдарын куттукташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0