13:07 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
197 0 0

Азия жана азиялык көйгөйлөр менен азиаттар өздөрү, анын ичинде евразиялык ири держава катары Россиянын алек болушу абзел. Тышкы күчтөр континенттин ишине кийлигишүүгө акысы жок, ал эми мамлекеттердин бардык талаш маселелери өз ара чечилиши шарт.

20 жыл мурун түптөлгөн Шанхай кызматташтык уюмунун максаты дал ушуну көздөйт. Учурда анын саммити Душанбеде өтүүдө. РИА Новости сайтына жарыяланган Петр Акоповдун кезектеги макаласы ошол иш-чарага арналган.

ШКУнун бул жолку саммити эки жылдан бери биринчи ирет бетме-бет өтмөк, бирок карантиндик чектөөлөрдүн айынан аралаш формат белгиленген. Өлкө башчыларынын көбү Душанбеге топтолуп, ал эми Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Нарендра Моди видео байланыш аркылуу катышууда.

Анткен менен мындан саммиттин маңызы кемип кетпейт. Ансыз деле Душанбеге Николай Петрушев, Сергей Лавров жана Сергей Шойгу учуп барган, бул ирет саммит түптөлгөндөн берки тарыхындагы эң маанилүү болору талашсыз.

Кошмо Штаттар Афганистандан чыгып кеткен соң чөлкөмдүн ишине тышкы түз кийлигишүүнүн доору аяктоодо. Дал Шанхай кызматташтык уюму анын коопсуздугу үчүн толук жооптуу тарапка айланып барат. Бул анын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарына жооп берет. Себеби Афганистан (чөлкөмдөгү чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн орун алышы тууралуу маселе) жыйырма жылдан бери уюм үчүн маанилүү темалардан болуп келди.

Анткен менен ШКУ америкалыктардын басып киришине айбат катары уюшулбагандыгын белгилеп кеткен оң. Ал 2001-жылдын июнь айында түзүлгөнү менен, түбү 1996-жылга барып такалат. Ошондо уюм менен бирдей аталыштагы калаада "Шанхай бештиги" түзүлөт. Анын курамына Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан кирген.

2001-жылы бул "Бештик" Өзбекстанды катарына кабыл алып, алакаларын келишим түрүндө бекемдешкен. Андан бери башка державалардын да бүйүрүн кызытып келет. Бирок альянс кеңейүүгө ашыккан эмес, бир нече мамлекет байкоочу макамын алып, башкалар "диалог боюнча өнөктөш" болушкан.

Чыгыш менен Батыштын мамилесиндеги чыңалуу түз конфронтацияга өтө баштаган жылдары ШКУ кеңейип отурганы менен, 2015-жылы гана Индия жана Пакистанды толук кандуу мүчөлүккө алган. Эми тогузунчу мүчөсүн – Иранды кабыл алуу жол-жоболору башталганы турат. Ирандын жаңы президенти Ибрагим Раиси үчүн Душанбедеги саммит эл аралык алгачкы иш-чарасы болмокчу. Бара-бара ШКУ Афганистанды кабылдоо менен "Ондукка" айланып калышы ажеп эмес. Бирок аталган өлкө азыр Душанбедеги саммитке катышпайт, учурдагы талибдик Афганистан ШКУ тарабынан азырынча тааныла элек. Жакынкы келечекте жаңы кабулдук бийлик коңшуларынын (алардын Түркмөнстандан башкаларынын баары ШКУга кирет) көбү тарабынан таанылышы ыктымал. Анда ШКУ гана Афганистанга карата саясатты иштеп чыгууда да, жаңы афган бийлигинин тышкы дүйнө менен диалогунда да чоң роль ойнойт. Азыр Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу макамындагы Афганистан бара-бара анын толук кандуу мүчөсүнө айланууга тийиш. Себеби бул багыттагы негизги тоскоолдук — чет өлкөлүк оккупация да жоюлду.

Афганистандагы абалды курчутууга Батыштагы оюнчулар гана басым жасабаса, анын коңшуларынын эч бири андайды каалабайт. Тескерисинче алардын дээрлик бардыгы пайдалуу келишимдерге да, өз позицияларын бекемдөөгө үмүт артуу менен өлкөнү калыптандырууга жардамдашары турулуу иш. Бул позициялар менен кызыкчылыктар дайым эле шайкеш келе бербейт, ал түгүл кээде (афган багытында Пакистан менен Индия сымал) карама-каршы келет. Аларды макулдашуу жолу жана компромисс табуу менен чечүү үчүн ШКУ зарыл. Уюм аскердик блок болбогону менен аны эми борбор азиялык да эмес, паназиялык геосаясий альянс атыгууга толук акылуу.

Ирандын кириши менен Араб дүйнөсүнүн чек араларынан Ыраакы Чыгышка чейин созулуп, Азиянын үчтөн экисин ээлеп, Жер калкынын дээрлик жарымын бириктирет. Бүтүндөй Азияда ШКУга кирбеген, бирок ага танапташ болгон эки маанилүү чөлкөм, атап айтканда Араб дүйнөсү (Түндүк Африкага да таралган) жана АСЕАН бириккен Түштүк-Чыгыш Азия калат. Анткен менен ШКУ алар менен да алака түзүүдө.

Байкоочу макамына кирүүгө башкалар менен катар Вьетнам, ошондой эле Сирия, Египет, Катар жана Сауд Аравиясы өңдүү бир катар араб мамлекеттери да кезекте турат. Булардын ичинен Египет, Катар жана Сауд Аравиясына Душанбедеги саммитте диалог боюнча макам берилет. Айтмакчы, Түркия өңдүү маанилүү азиялык өлкө ушундай макамга ээ.

Катышуучулардын санын көбөйтүүдө ЕККУнун азиялык түрүнө, башкача айтканда, эч нерсе чече албаган формалдуу уюмга айланып калышы мүмкүн. Бирок ШКУ территориялык экспансияга да, НАТО өңдүү аскердик альянска айланууну көздөбөйт.

ШКУ — азиялык өлкөлөрдүн күчү менен кызыкчылыктарды макулдашып алуу, Азиядагы жаңжалдарды чечүүнү көздөгөн суверендүү державалардын геосаясий диалогунун форматы. Айрым катышуучуларынын ортосундагы пикир келишпестик канчалык терең болсо да дээрлик дайым өз ара пайдалуу чечимди табууга болот.

Айрыкча мындан тышкы, Азияга тиешеси жок күчтөрдүн жаңжалдарга чагымчылык кылууга жол бербеген вариантты тандайт. Маселен, Кошмо Штаттар азыр Индияны Кытайга каршы ачык багытталган QUAD төрттүк (АКШ, Япония, Австралия жана Индия) форматка активдүүлүк менен тартууга тырышууда. Ошентсе да Индия АКШнын афган эпопеясынан сабак аларына, чөлкөм көйгөйлөрү боюнча америкалыктар менен биргелешип иштешүүнүн кооптуулугун түшүнөр деп үмүттөнөлү.

Дели Пакистандан чочулайбы? Бирок буга жооп табуу үчүн бул кылымда Исламабаддын геосаясий артыкчылыктары кандай өзгөргөнүнө баам салуу жетиштүү. Афган согушу жаңыдан тутанган жылдары Кошмо Штаттар анын негизги союздук өлкөсү деп аталган эле. Азыр пакистандыктардын америкалыктарга болгон ишеними өчкөндөй.

20 жылда ШКУ эбегейсиз жолдун башаты гана эле, эми ага атлантикалык доордун аякташы менен Азиянын, дүйнөлүк иштердеги бул жарыктын ири бөлүгүнүн маанисин эске алсак, бүтүндөй планетанын тагдыры үчүн чоң жоопкерчиликти алууга туура келет.

* — Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

Тема боюнча

Лавров: талибдердин бийлигин таанууга эч ким шашылган жок
Белгилер:
ШКУ, Азия, Кытай, Россия, АКШ, Афганистан, "Талибан" кыймылы, саммит, жыйын, талкуу, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ