Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ Владимир Путин и президент США Джо Байден (справа) во время встречи в Женеве на вилле Ла Гранж
Президент РФ Владимир Путин и президент США Джо Байден (справа) во время встречи в Женеве на вилле Ла Гранж - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Женевадагы жолугушуу күтүлгөндөй эле аяктады: Путин менен Байден бири-бирине айтчусун айтып, сүйлөшүүнү конструктивдүү жана майнаптуу болду дешти.
Аталган жолугушууда бир нерсени өзгөртүп жибере турган макулдашуулар болгон жок, элчилер кайтып, эркинен ажыратылгандар менен алмашуу жүрүшү мүмкүн, ошондой эле курал-жарак боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тыянагына келишти. Ушуну менен бүттү. Андан көптү деле эч ким күткөн эмес же күттү беле?
Үмүтү акталбай калгандар да бар экен. Эки президенттин маалымат жыйынын карасак, нааразы болгондор — америкалыктар. ЖМК өкүлдөрүнүн суроолору АКШ Россия саясаты өзгөрөрүнө үмүт артып келгенин тастыктап койду. Албетте, Вашингтондогу администрация эмес, ЖМКлар түптөп келген коомдук пикир ушундай экен. Өзгөчө америкалык журналисттердин Путинге "Сиз жоопкерчиликти мойнуңузга алдыңызбы (киберчабуул, Украина ж.б.)" деп берген суроолорунан бул ачык көрүнүп турду. Акылга сыйбаган суроо.
Маалымат жыйындан кетип бара жаткан Байдендин артынан "Сиз Путин өзүнүн кадамдарын өзгөртөт деп айтпадыңыз беле? Ал баарынан баш тартып өзүнүкүн бербей жатат го" деп кала бергендер болду.
Президент артка кайрылып, "туура эмес түшүнүп алгансыңар, минткен эмесмин, мен бүтүндөй дүйнө коомчулугунун басымы астында гана болуп кетиши ыктымал деп айткам" деп жооп кайтарууга мажбур болду.
АКШнын азыркы лидери Жо Байден менен мурунку президент Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Таптакыр башка... Путин Байден Трамптан эмнеси менен айырмаланарын айтты
Деги эле Россия саясатын өзгөртөт деген ишеним кайдан жаралган? Мунун баары америкалык элитанын мээсине сиңген дүйнөнүн бурмаланган картинасынын натыйжасы. Эки ирет бурмаланган десек да болчудай, биринчиден, истеблишмент оюн эрежесин мурдагыдай эле Америка тактап-таразалап турат деген бекем ишенимде. Экинчиден, ылайыксыз деп эсептеген Трамп менен күрөшүү үчүн Россиянын шайлоого кийлигишүүсү сыяктуу нерселерди ойлоп таап, бара-бара өзү да ага ишенип алган. Эми Россиянын жазаланышын жана саясатын өзгөртүүсүн күтүп жатат. Кандай чара көрүлөрү белгисиз. Анан калса бул Путиндин эмес, Байдендин баш оорусу болуп калды.
Жолугушууну АКШ лидери демилгеледи, мындай сунуш ички саясий кырдаалдан улам, анан Трамптан айырмаланып турарын, анын кетирген "каталарын", "кемчилигин" оңдоого жөндөмдүү экенин көрсөтүш үчүн жасалган. Кеңешчилеринин кеп-сөзүн угуп, жолугушууга дыкат даярдангандай көрүнгөн. Керек болсо Хилари Клинтон да Байдендин аракетине оң баасын берген:
"Мыкты пландалган: кол алышуу, сүрөткө түшпөстөн бөлмөгө кирүү, эч кандай биргелешкен маалымат жыйын жок — мунун баары биз күтүп жаткан нерсенин олуттуу дипломатиялык белгиси... Ачык сүйлөшүүнү күтүп жатабыз... "Владимир, кел, мындан аркы кадамдарыбызды сүйлөшүп алалы. Ооба, сага каршы санкция жарыялап келдик, эгер бул сени токтотпосо, кесепети мындан да оор болот".
Маалымат жыйында Байден "Путинге болгон ишеним жоголуп бара жатканына" эч ким таң калбай турганын, "Россия дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тескей албай турганын" айтып берди. Дүйнө түгүл Байден Россиянын өзүндө эмне болуп жатканын да билет экен. Күчтүү державанын күчтүү позициясы деген ушубу? Байден Путинге өзүнүн күн демин таңуулай алдыбы?
Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Ал Путинге адам укугун коргобосо элинин ишенимин актай албай каларын айтканын өзү билдирбедиби, мындан улам АКШ Навальныйдын иши сыяктуу маселелерди байма-бай көтөрүп турат экен. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "Навальный абакта өлүп калса кесепети оор болорун" кайталады. Ал эми америкалык ЖМК өкүлдөрү бул суроону Путинге да беришти. Чабуулбу?
Тескерисинче, кеңешчилерин уккан Байден Путин менен Навальный тууралуу сөз козгоп таптакыр ыксыз тактиканы тандап алган. Анткени Россия муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары карайт. Мындан кийин Байдендин Путин "мурдагыдай эле АКШ аны тактан кулатууга кызыкдар" деп эсептээрине таң калганы бизди таң калтырууда. Он жыл мурун Путинди Кремлге кайтпоого үндөп, Россияга каршы санкциялар ооздуктоо үчүн эмес, "туура эмес жүрүм-туруму" үчүн жаза иретинде киргизилгенин айткан дал ушул Байден эмес беле.
Путин эмес азыр акыл-эси жетик бир да орусту минтип алдай албайсың. Навальный боюнча Путин так жооп берди.
"Кошмо Штаттар 2017-жылы Россияны душман деп жар салды. АКШ биздин өлкөдөгү демократиялык башкаруунун тартибин тескеп, саясий уюмдарды колдоосу тууралуу жоболор киргизилген. Бул силердин, Американын мыйзамдарында бар. Эми суроо берип көрөлүчү: эгер Россия душман болсо Америка Россиядагы кайсы уюмдарды колдойт? Бул, менимче, Россия Федерациясын өнүктүрө турган эмес, тескерисинче, ооздуктап турган уюмдар. Ал эми Кошмо Штаттардын жалпыга жар салган максаты. Демек, бул россиялык багытта АКШнын саясатын жүзөгө ашырууга көмөкчү болчу уюмдар менен адамдар. Биз буга кандай мамиле жасашыбыз керек? Менимче, баары түшүнүктүү, биз өтө этияттык менен мамиле жасайбыз".
Башкача айтканда, Байден Навальный тууралуу кеп козгоп убактысын текке кетирди: Россияга басым жасоого бул ылайыксыз тема, түшүнүшүүнү каалаган болсоң кедергисин тийгизиши мүмкүн. Москваны минтип жумшарта албайсың, балким, Навальный тууралуу сүйлөшүү Байденге ички саясий тирешүүдөн улам керек болгондур?
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат
Жок, анткени Путин америкалык журналисттердин суроосуна АКШдагы башаламандыктарды айтып жооп берди. Январда "конгрессти басып ала жаздап" саясий талап койгондорду эмне кылышты? Анын үстүнө Штатта Трамптын тарапташтары Навальныйдын Россиядагы санаалаштарына караганда алда канча көп.
Навальный тууралуу сөз баштап Байден пайда деле көргөн жок, тескерисинче, Путинге Байдендин ким экенин түшүнүүгө жакшы жардам берди. Путин алдында баягы он жыл мурун Россияга америкалык демократияны үлгү кылып көрсөткөн адам турганын көрдү. Башкача айтканда, өткөн замандын кишиси. Албетте, бул аны менен сүйлөшчү сөз жок дегендик эмес, бул Байдендин Американын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ишеними, түшүнүгү, аң-сезими баягы-ы Трампка чейинки мезгилде калып калган дегенди туюндурат.
Путин жолугушуунун жыйынтыгы менен эч кандай жаңы иллюзия пайда болбогонун айтты: "Эскиси деле жок болчу. Куру ишеним жок, болушу да мүмкүн эмес". Лидерлер бири-бирине кызыл сызык сызган жок, бирок Россиядан баарын күтүүгө болот деген кейип-кепчиген кепке Путин: "Жаралган кооптуулуктарга жараша жооп берип жатабыз" деп кесе жооп айтып, "Жүрүм-турум эрежеси боюнча келишип алышыбыз керек" деп кошумчалады.
Болгону өзүн дүйнөнүн түркүгү деп эсептеген тарап менен кантип келишүү керек. Туура эмес кылып жатканын сылык-сыпаа айтып, өз позицияңан тайбай, кызыкчылыгыңды көздөп алдыга жыла берүү туура окшойт. Доордун алмашуусу акырындап "казино ээсин" жаңы балансты жана жаңы дүйнө түзүлүшүн кабыл алууга аргасыз кылган убакыт да алыс эмес көрүнүп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0