18:56 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
243 0 0

SIPRI докладында Россия коргоо бюджетинин көлөмү боюнча төртүнчү орунда турса, аскер кубаты боюнча түзүлгөн Global Firepower рейтингинде экинчи сапты ээлеп турат.

Бул мамлекеттик башкаруунун мыктылыгын, аскер курулушунун туура багытын жана Россиянын коргоо-өнөр жай комплексинин натыйжалуулугун айгинелейт.

Стокгольмдун дүйнө көйгөйүн изилдеген эл аралык институтунун маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын 2020-жылы аскерий чыгымы 61,7 миллиард долларды түзүп, планетада төртүнчү орунга чыкты. Дүйнө жүзү боюнча аскерий чыгымдар өсүп, орточо 2,6 пайызга жогоруласа, Россия былтыр бекитилген каражаттан 6,6 пайызга аз акча короткон. Ал эми андан бир жыл мурун 65,1 миллиард доллар жумшаганын эске алсак, 2020-жылы чыгым 3,4 миллиардга азайганын көрүүгө болот. "Москва милитаризацияны максат кылбайт, коргонуу жаатындагы аракеттер акыл менен туура жасалышы керек", - дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Аскерий чыгымы ири делген беш мамлекеттин катарына АКШ, Кытай, Индия, Россия жана Улуу Британия кирет. Бул беш өлкөгө 1,95 триллион доллар чегиндеги дүйнөлүк чыгымдын 65 пайызы туура келет.

Аскер тармагына аз акча сарптаса да Россия Global Firepower рейтингинде АКШдан кийинки экинчи орунду ишенимдүү ээлеп келет. Үчүнчүдө Кытай, төртүнчү сапта Индия турат. Ал эми Улуу Британия бул тизмеде араң сегизинчи экени айтылат. Россиянын аз каражат менен ири ийгиликтерге жетишкен сырын мамлекеттик башкаруунун мыктылыгы, аскер курулушунун туура багыты, жогорку технологиялык курал-жарактын чыгарылышы жана коргоо-өнөр жай комплексинин натыйжалуулугу менен түшүндүрүүгө болот. Global Firepower Россиянын аскердик бюджетин 11-орунга койгону кызык, мында эсептөө ыкмасы ар башка экенин белгилей кетүү керек. Өлкөнүн чыгымы өкмөттүн аскер күчтөрүнө сарптаган бардык каражатын, башкача айтканда, айлык акы, курал-жарак жана аскер техникасын сатып алуу, изилдөө иштери, башкарууну камтыйт. Курал-жаракка жумшалган акча жалпы чыгымдын азыраак бөлүгүн түзөт.

Албетте, аскер чыгымдарынын баары ачык-айкын дегенден алыспыз, SIPRI рейтингинин объективдүүлүгү салыштырмалуу мүнөзгө ээ, ал эми алты-тогуз нөлү бар суммалар аскер күчүнүн дараметине шайкеш келбей калышы толук мүмкүн. Мисалы, НАТО өлкөлөрүнүн аскерий чыгымы 2020-жылы бир триллион доллардан ашкан, тагыраагы, Россиянын бюджетинен 25 эсе көп эле. Бирок батыш коалициясы 20 жылга созулган согуштук операциялардан кийин талибдерди жеңе албай, Афганистандан чыгып кетүүгө мажбур болду.

Военные расходы стран ближнего зарубежья 2019-2022 гг. , млрд долларов США
© Sputnik
Коңшу өлкөлөрдүн аскердик чыгымдары

Постсоветтик мейкиндик

Россияны эсепке албаганда КМШ мамлекеттеринин аскерий чыгымы анча көп эмес. Бул өлкөлөрдүн таблицадагы орду лидерлерден бир топ эле алыс.

Россиянын аз акча менен чоң ийгиликке жетиши, аскердик курулуш боюнча стратегиясы постсоветтик аймакта да ишке ашып келет. Москва союздаштарына курал-жарак жаатында өлкө ичиндеги баа менен жардам көрсөтүүдө, айрымдарын жөн гана тартуулап жатат. SIPRI докладында курал экспорттоодо 2016-2020-жылдары Россия АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Мындай кадамды КМШнын коопсуздук системасын жакшыртуу (ЖККУ) жана жалпы кирешенин көлөмүн көбөйтүүгө багытталган аракет десе болот.

Мисалы, Казакстан 2015-жылдан бери жеңилдетилген шартта Россиядан Су-30СМ деп аталган 12 истребитель-бомбардировщик, Ми-171Ш жана Ми-35 тик учактарын, модернизацияланган Ил-76МД-90А учагын алып келет. Жакында эле республика Су-24 бомбардировщиктерин, МиГ-31 жана МиГ истребителдерин, С-300 зениттик-ракеталык комплексин (ЗРК) акысыз алган.

Беларусь Россиядан курал-жарактын бир топ түрү менен камсыз болот. Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алуу боюнча келишим даярдалып жатканын айткан. С-300ПС деп аталган ЗРКнын төрт дивизиону сатып алынган. Ага чейин Беларусь С-300ПМУ-1 комплектисинен сегизди, төрт "Тор-М2" (батарея) ЗРК жана комплекске пайдаланылчу ракеталардын бир партиясын алган. Курал-жарактын басымдуу бөлүгү бекер берилгени маалым.

Арменияга акысыз С-300 ЗРКнын эки дивизиону берилди, мындан тышкары, республика Россиянын "Искандер-Э" ракета комплекстерин  (жана 25 ракета) импорттогон биринчи өлкө болуп калды. Муну менен катар Су-30СМ истребителдеринен 12ни, "Бук-М1-2", "Тор-М2КМ", "Оса-АК" зениттик-ракеталык комплекстерин, ТОС-1А "Солнцепек" деп аталган ок атуучу системаларын сатып алган. Москва Ереванга курал-жаракты Россиянын ичиндеги баа менен берүүдө, андан сырткары, жалпы көлөмү 300 миллион долларга жеткен мамлекеттик насыя менен да көмөк көрсөтүп келет.

Ал эми НАТОго кирген Балтика мамлекеттеринин аскерий бюджети бир дагы аскердик учак, кеме же танк сатып алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Польша суу алдында жүрүүчү Orzel деп аталган акыркы кайыгынан кол жууганы калды, ал эми суу үстүндөгү флоту кыйроо алдында турат. Румыния советтик эски "Мигдерди" пайдаланууда. Мунун баары НАТОнун акчаны жөн бекер коротуп, же аскер кубаттуулугун арттырбаган, же Афганистан, Ирак, Сирия сыяктуу башка аймактарда жеңишке жеткирбеген "стратегиясы" десек болот.

Кандай болгон учурда да бүгүнкү күндө жана жакынкы келечекте дүйнө мамлекеттери ички саясий олку-солкулук менен күрөшүүгө аргасыз, айрымдары жарандык согуш босогосунда турса, кээси эл аралык террорчулукка каршы күрөштү күчөтүүдө. Мунун баары коргонууга чыгымдалчу каражаттын өсүшүн гана шарттайт.

Тема боюнча

Бура бастырбаган табылга. Россиянын жаңы стратегиялык ракета ташуучусу
Белгилер:
учак, танк, кеме, каражат, чыгым, стратегия, курулуш, КМШ, НАТО, курал-жарак, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ