11:50 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
368 0 0

Постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин экономикасы үчүн мунай наркынын ушул таптагыдай арзан болушу жакшы жышаан эмес. Бензин жана дизель баасынын өсүшүн негиздөө да мунай-газ ишканалары үчүн улам татаалдай берет.

Дүйнөлүк мунай-газ рыногу кыйын кезеңди кечирүүдө. Анын бир эмес, бир нече себеби бар. Ал эми учурдагы окуялардан улам АКШда сланецтик мунай кендерин казуунун ыргагы ылдамдоодо дейт Энергетика саясаты фондунун аналитиги Игорь Юшков.

Казып алуунун көлөмү да, наркы да өстү

АКШда мунай өндүрүүнүн өр алышы 2016-жылдын аягынан тарта ОПЕК+ келишими менен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу. Эске салсак, мындай чектөө сырьенун баасын жогорку деңгээлде кармап турууга мүмкүнчүлүк берген. АКШ бул келишимге кирбегендиктен, америкалык өндүрүшчүлөр мунайдын жогорку наркынан пайдаланып, казуунун көлөмүн каалаганча жогорулатышкан. ВР мунай өндүрүү компаниясынын маалыматы боюнча, АКШда кен казуунун эң көп — 16,6 пайызга өсүшү 2018-жылы катталган. Соңку эки жылдагы дүйнөлүк баалардын жогору кармалып турушунан улам көптөгөн долбоорлордун кирешелүүлүгү арткан, ал эми ОПЕК+ андан ары да кен казууну төмөндөтөрүнө болгон бекем ишеним пайдасы арта турган долбоорлорго жаңы инвестицияларды тарткан.

Мунайга, анын ичинде Пекиндин суроо-талабы белгилүү бир деңгээлде казып алууну жогорулатууну камсыз кылган. Бирок Кытайда февраль айында коронавирустун жайылып кетиши мунай рыногундагы каатчылыкка жол ачып бергендей болду, кытайлык ишканалардын иши токтоп, адамдардын кыймылы карантинден улам чектелген. Натыйжада, Кытай Эл Республикасында кубаттуулук жаратчу каражаттарга болгон суроо-талап төмөндөп, ага ылайык, дүйнөлүк рынокто сунуштун ашкерелиги күчөгөн. Баа түшүп кеткен.

Орток пикир жарата алышпады

ОПЕК+ келишимине мүчө өлкөлөр мунайдын баасын кармап туруу үчүн өндүрүш көлөмүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындай демилгени айрыкча Сауд Аравиясы жактап чыкты, анткени алар үчүн баанын бийиктеши зарыл. Аталган королдук өз бюджетин мунайдын баррелин 72 доллардын тегерегинде сатуу менен толтурат. Саудиялык жетекчилик заманга бапташтыруунун кеңири программасын жарыялаган, аны жүзөгө ашырууга көп көлөмдөгү каражат жумшоо зарыл. Мынчалык суммадагы акчанын бирден бир булагы — көмүр суутектерин экспорттоо.

Россия өз кезегинде мунай өндүрүү квоталарын 2020-жылдын биринчи чейрегиндеги боюнча сактоо керек деген позициясынан тайбады. Сүйлөшүүгө жиберилген россиялык өкүлдөрдүн мындай ою да тегин жерден эмес. Алар дүйнөлүк рынокто баанын түшүшү Кытайдагы коронавирустун кесепетинен келип чыккан, демек, бул илдеттин эпкини кайтканда Пекиндин мунайга болгон суроо-талабы калыптанат, баа жогорулайт деген пикирге таянышкан.

Андан сырткары, Россияга мунай казууну дагы чектөөгө макулдук берүү улам кыйынчылык туудурат, анткени Энергетика министрлиги россиялык компанияларга канча мунай казуу боюнча көрсөтмө берүүгө ыйгарым укугу жок. Ошол себептен, ОПЕК+ алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн өлкө ичинде консенсуска жетишүү зарыл. Ал эми бул ири ишканалардын моюн сунбаганынан улам бир топ татаал, алар үчүн ОПЕК+ реалдуу чектөөчү болуп саналат. Ошону менен катар эле казып алууну канчалык кыскартуу керектиги анык эмес, себеби, каатчылыктын масштабы азырынча түшүнүксүз (андан улам мунайга болгон суроо-талаптын канчалык ылдыйлаганы да так эмес). Болгондо да ОПЕК+ боюнча бул сүйлөшүүлөр Европада коронавирус жайыла элек убакта эле Вена шаарында өткөн.

Жыйынтыгында ОПЕК+ мүчө мамлекеттер 2020-жылдын биринчи чейрегинен кийин мунай казуудагы жаңы квоталар жаатында бир пикирге келе алышпады. Демек, 1-апрелден тарта бул уюмга кирген бардык өлкөлөр мунай өндүрүшүн болушунча көбөйтүүгө ашыгышат. Ушундай бир эле жаңылыктан улам мунай баасы төмөндөй баштаган. Мындай терс көрүнүш Сауд Аравиясы өндүрүш көлөмүн суткасына 3 миллион баррелге чыгарарын жана Европа менен АКШдагы сатып алуучуларына кыйла арзандатуу менен сатарын жарыялашы мындай терс жагдайды дагы күчөттү. Акыркы күндөрү дүйнө жүзүндө мунайдын Brent сортунун баррели 31 доллардын тегерегинде.

Жакынкы чет өлкөлөргө эпкини кандай тиет?

Постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр үчүн кубаттуулук рынокторундагы мындай өзгөрүүлөрдүн кесепети ар кандай болушу ыктымал. Россия мунайдын баррелине 42,4 долларлык баада тартыштыгы жок бюджетин толуктоодо. Ошондуктан, учурда аталган өлкө резервдик фондду толтуруп отурбастан, андан бюджеттин кемиген кирешесин жабууга каражат жумшоого киришет. Бирок Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, колундагы каражаты мунайдын баррели 25 доллар боюнча кармалып турган күндө да алты жыл бою компенсациялоого жетишерлик экен.

Бирок мынчалык төмөн баа узакка кармалбайт, анткени, андай баалардын шартында бүт дүйнө боюнча көп долбоорлор, баарынан оболу АКШдагы сланецтик мунай казуу кирешесиз болуп, токтоп калары турулуу иш. Ал эми бул сунуштун таңсыктыгын жаратып, мунай өндүрүмдөрүнүн баанын кескин өсүшүнө алып келет.

Албетте, Россия үчүн да мунайдын ушул таптагы баасы ыңгайсыздык жаратпай койбойт.

"Газпромдун" газ жеткирүү боюнча келишимдеринин көбү Европа менен түзүлгөндүгү да маселени тереңдетет, себеби, алар мунайдын баасына таасир этпей койбойт. Анын кесепетинен бул келишимдер боюнча да баа түшөт, натыйжада россиялык бюджеттин газ тармагынан алган кирешеси азаят.

Бөлөк постсоветтик мунай өндүрүүчү өлкөлөр, тагыраагы, Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан деле ушундай абалга кептелди. Алар кирешенин төмөндөшүнөн зыян тартары айкын. Анан калса, Казакстан менен Түркмөнстан соңку кырдаалдан улам форс-мажор (аргасыз жагдай) жарыялаган Кытайдын мунай жана газды пайдалануунун басаңдашынын айынан көмүр суутектерди жеткирүүдөн баш тартышынан жапа чегүүдө. Ошол себептен Орто Азияда Кытайдын мунай жана газды жеке сатып алуулардын көлөмү кыскарары да ажеп эмес.

Казакстан Россия өңдүү эле европалык мунай рыногундагы Сауд Аравиянын кадамдарынан улам күч алып бараткан атаандаштыкка кабылат. Россияга көйгөй жаратып, ОПЕК+ алкагында сүйлөшүүлөргө кайтууга жана саудиялык жаңы келишимге көнүүгө мажбурлоо үчүн Эр-Рияд европалык керектөөчүлөргө атайылап арзан баада сунуштоодо.

Кайсы бир деңгээлде Белоруссиянын утушу да болот. "Белнефтехим" россиялык компаниялар менен мунай жеткирүүнүн шарттары боюнча макулдаша албагандыктан, ага башка жактан жол издөө аракетинде. Арзандатылган саудиялык нефть Минскиге мунайды дүйнөлүк баада сатып алууда чыгымдарды азайтууга шарт түзөт. Эр-Рияд тарабынан арзандатуунун көлөмү мунайды белорустук мунайды кайра иштетүүчү заводдорго жеткирүүдөгү транспорттук чыгымдардын бир бөлүгүн жабууга жардам берет.

Минскиге тийгизчү башка бир таасир — россиялык мунайдын баасы Белоруссия үчүн мындай формула менен эсептелеринде: дүйнөлүк баадан экспорттук төлөм кемитилет. Бирок экспорттук төлөм европалык рынокто базар баасына жараша эсептелет да, баасын белгилөөдө улам ылдыйлап отурат.

Ошентсе да Минск азыркы каатчылыктын олуттуу кесепетин тартат: арзан мунайдан тышкары мунай-газ өндүрүмдөрү да арзандоодо. Ал эми булар адатта Белоруссиянын экспорттук товарларынын эң негизгилери болуп саналат.

Натыйжада постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин экономикасы үчүн мунайдын наркынын түшкөнү жакшы эмес.

Тема боюнча

Ундун баасы бекиди. Кымбат саткандарга чара көрүлөт
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
Белгилер:
экономика, баа, Россия, СССР, Мунай, нефть

ЭҢ МААНИЛҮҮ