Ысык-Көлдү даңазалаган жана ал жерге эс алууга чакырык таштаган ондогон жарнамаларды көргөн Казакстандын Шымкен шаарынан эч жакка чыга элек боордошубуз жолго чыкты. Жол деген – жол. Бир-эки күн машинасын усталарга каратып, эскирип калгандардын ордуна жаңы тетиктерди сатып келип койдурду. Теңгеден белге түйүп, аял, бала-чакасын машинасына салып, кайдасың Ысык-Көл деп жол алды. Казактын саратандын аптабына күйүп жаткан эгин талааларын аралаган даңгыр жолдо автосу бир былк этпейт, кыргыз-казак ырчыларынын билген ырларын ичтен созуп келди. Балдары болсо чурулдашып, мээ кайнатып, тер агызган ысыктан тез эле тоо көлүнө жетсек дешет…
Кыргыздар жол оңдогуч болуп кеткенби?
Ошентип, Кара-Балтадан үч сааттай жүрүп, араң Бишкекке келип, эми ордо калаада бир айдайын да, теңгелерди сомго айырбаштап алайын десе, кашайып шаар ичиндеги жолдору да көп жерден ремонтко деп жабылып турат. Бул "кыргыздар эмне баары эле жол оңдогуч болуп кеткенби" деп андан ары шаардан чыгып, Көл тарапка жолун улады.
Биринчи акылы: магистралдык трассалардын ремонтун жолдун тең жарымын жаап коюп баштабастан, үчтөн бирин гана жаап коюп, анан дагы бир бөлүгүн, анан үчүнчү бөлүгүн башташса, үчтөн эки бөлүгү жол кыймылын камсыз кылып турмак.
Экинчи акылы: ремонтту жүз чакырым жерди бир баштап албай, аз-аз тилкелерди улам-улам бүтүрүп кетишпейт беле.
Төртүнчү акылы: Кыргыз Республикасынын жол куруу тармагы Европа өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Казакстандын жол ремонттоо тажрыйбаларын үйрөнүшү керек, аларда "долгострой" деген нерсе такыр жок болгон, мындай жолдорду өтө кыска мөөнөттө пайдаланууга берип таштайт.
Ошентип, кыргыз туризминин үгүттөрүнө ишенген казак тууган жол азабын да – көр азабын да тартып, машинасынын тетиктерин шалдыратып алып, Ысык-Көлдө эс алышты эмес, эми кантип кетүүнү ойлоп, эптеп Казакстаныма жетип алсам, бул жолдорду желкемдин чуңкуру көрсүн деп отуруп калды…