09:23 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Карикатура

Меркель: Европа биримдиги эми эч кимге ишене албайт

Карикатура
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель Европа эми башкаларга үмүт арта албай турганын билдирип, өз тагдырын колуна алышы керектигин айтты.

Меркель: Европа биримдиги эми эч кимге ишене албайт

"Башкаларга ишенип отура берчү убакыт өттү. Мен муну жакынкы күндөрү эле аңдай алдым… Биз, европалыктар, чынында өз тагдырыбызды өз колубузга алышыбыз керек", — деп Меркелдин айткандарын Bild басылмасы жазып чыкты.

Канцлер мындай билдирүүсүн "Чоң жетиликтин" ишемби күнү аяктаган саммитинен кийин билдирген. Бул сөз Дональд Трамп башында турган Американын жаңы администрациясына жана алдыда боло турчу Brexit жыйынына тиешелүү экенин аталган басылма баса белгилейт.

Ошол эле учурда Меркель АКШ жана Британия менен достук мамиле сакталышы керектигин айтып, Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон менен болчу мамилеге өзгөчө маани берген.

Белгилер:
карикатура, Ангела Меркель, Европа

  • Ядерный блокбастер
    Акыркы жаңылоо: 12:42 26.10.2017
    12:42 26.10.2017

    Өзөктүк блокбастер

    АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.

    204
  • И тайное стало явью...
    Акыркы жаңылоо: 12:02 26.10.2017
    12:02 26.10.2017

    Эми сыр болбой калды...

    НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.

    442
  • Хьюстон! Кайда барам, кантем?..
    Акыркы жаңылоо: 18:50 05.10.2017
    18:50 05.10.2017

    Хьюстон! Кайда барам, кантем?..

    "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Американын көзөмөлү алдындагы аймактан Сириянын армиясына кол салды.

    94
  • Фас!..
    Акыркы жаңылоо: 18:47 27.09.2017
    18:47 27.09.2017

    Ал! Ал!

    АКШ "Ислам мамлекети" террордук уюмун жок кылууга кызыкдар экендигин жар салганы менен кылгандары тескери болуп жатат деп билдирген РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. Аткаминер бул кадам Москваны тынчсыздандырып жаткандыгын айткан.

    94

ЭҢ МААНИЛҮҮ