Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бейишке барагой, Бексултан!..

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБлаготворительная программа "Поезд надежды"
Благотворительная программа Поезд надежды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Агарып аткан таң аруулук тартууласын!

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала. Кечээ күнү кечке оюман үч жаштагы Бексултан кетпеди. Таш боор энесинин токмогунан эсине келбей байкуш чүрпө периште болуп учуп кете бериптир. Аны зарыгып, Кудайдан амандыгын тилеп эч ким күтпөгөнүн жүрөгү сезген го, кургурдун… "Эсине келбей чарчаптыр" деген жаңылыкты укканда көзгө дароо жаш тегеренди.

Бир убакта наристенин сөөгүн апасынын туугандары алуудан баш тартыптыр деген билдирүү келди. Жүрөгүм канап кетти… Адамдардын ушунчалык таш боор, мере болуп баратканына бир чети таарынсам, бир чети таң калдым. Карга да баласын аппагым дейт экен, балада эмне күнөө, анысы аз келгенсип көмгөндөн баш тарткандары кандай? Никесиз төрөлгөн болсо да эки көзүн жайнаткан наристе эле го… Бир сөз менен айтканда акмактар экен. Жумуштан чыгып үйгө барсам ызылдап балдарым тосуп алды. Кайрадан байкуш Бексултан эсиме түштү… Кичинекейлеримди кучактап дагы бир бышактап алдым.

Кечээ жүрөк ооруткан жаңылыктар көп болду. Таң атпай көчө шыпырып жүргөн жеринен бир аялды унаа сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей каза болуптур. Көрсө, 60 жашка таяп калган аял бала-бакыра багам деп Миң-Куштан келип иштеп жатыптыр

Россияда оор жоготуу. Оренбург облусунун Оркс шаарын көздөй бара жаткан жүргүнчү ташыган Ан-148 учагы Подмосковьеде кулап, ичинде 71 адам болгон. Учактын кулаган учуру камерага түшүп калган

© SpaceX Flickr / Медиабанкка өтүүРакета-носитель Falcon Heavy компании SpaceX успешно стартовала с мыса Канаверал
Ракета-носитель Falcon Heavy компании SpaceX успешно стартовала с мыса Канаверал - Sputnik Кыргызстан
Ракета-носитель Falcon Heavy компании SpaceX успешно стартовала с мыса Канаверал

Апта ирмемине көз чаптырып туруп, биротоло кабарчыбыз Эламан Кармышаков даярдаган соцтармак кызыктарын окуй кетиңиз. Баса, кечээ Эламан кесиптешибиздин өздүк майрамы болуп, жамаат каалоо-тилек айтып, соңунда палоо жедик. Оштун баласы ашты, ай да, сонун басыптыр.

Туулган күн менен кошо маанайды Түндүк Кореянын күйөрман кыздары көтөрдү. Спортчуларын шумдук сүрөшөт экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.29 (сатып алуу) жана 68.58 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 45.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Наристелер оорубасын, бактылуу болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0