Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Башка шаарларга кандай балаты коюлган

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЦеремония зажжения новогодней елки в Оше
Церемония зажжения новогодней елки в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура он күндөн кийин жаркырап жаңы жыл кирип келет. Элдин майрамдык маанайын көтөрүү үчүн жергиликтүү бийликтер колунан келген аракеттерди көрүп жатышат.

"Ии, ушул Бишкектен башка шаарларга кандай балаты коюлду экен" деп тынчсызданып жатсаңыз бул материал дал сиз үчүн. Анткени Москвадан тарта Вашингтонго чейин коюлган балатылардын сүрөтүн топтоп койдук

© REUTERS / Costas BaltasДүйнөнүн ири шаарларын кандай балатылар көрккө бөлөп турат? Сүрөт
Новогодняя иллюминация в Афинах - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн ири шаарларын кандай балатылар көрккө бөлөп турат? Сүрөт

Ош шаарындагы башкы балаты 20-декабрда жанды. Калааны кооздоо үчүн муниципалитет жалпысынан 900 миң сом короткон. Жомоктогудай кооздук калаа тургундарынын маанайын көтөрөөрү бышык.

Жаңы жыл демекчи, бул майрамда бардыгыбыз эле белек алганды жакшы көрөбүз. Кыргызстандагы айрым ишканалар белек алуу үчүн эң аз дегенде эле 100 миң жумшайт экен. Алды болсо миллион сомдон ашык каражатты белек үчүн аябайт. Жаңы жылда сиз дагы өзүңүз каалаган, жаккан белекти алыңыз деп тилейбиз.

Бир жыл ичинде Кыргызстандагы экономикалык абал кандай болду? Күйүүчү май, доллар, азык-түлүктүн баасы кандай өзгөрдү? Бул суроолор карапайым калкты да бир сыйра ойго салды окшойт. Анткени ГЭС, чек ара маселеси да коомдо бир топ талкуу жараткан эле.

Таң атпай эмне кылууга болбойт? Эртең менен күн кандай башталса кечке чейин ошондой уланат демекчи таңда жасоого болбой турчу нерселерди эсиңизге түйө жүрүңүз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.26 (сатып алуу) жана 69.54 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Башталган күндү жалаң ийгиликтер коштосун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0