Алматыда чек ара кызматынын учагы кулады, аман калгандар бар. Видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРепетиция воздушной части парада Победы
Репетиция воздушной части парада Победы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Аэропорттун маалыматына караганда, саат 17:20лар чамасында Ан-26 учагы менен байланыш үзүлүп калган.
БИШКЕК, 13-мар. – Sputnik. Алматынын аэропортуна жакын жерде Нур-Султандан келе жаткан Чек ара кызматынын учагы кулады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 
Кырсык калк жайгашкан Кызылту аймагында болгон. Аэропорттун маалыматына караганда, саат 17:20лар чамасында Ан-26 учагы менен байланыш үзүлүп калган.
Алдын ала маалымат боюнча, учактын ичинде экипаждын алты мүчөсү болгон. Алардын төртөө каза таап, аман калган экөө ооруканага жеткирилген.
Чек ара кызматы кийинчерээк толугураак маалымат берүүнү убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0