Казакстанга 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин киргизилди

© Sputnik / Владислав ВодневОформление Нур-Султана ко дню города
Оформление Нур-Султана ко дню города - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөдө үчтөн ашык кишинин чогуу жүрүүсүнө да тыюу салынып, жашы 65тен өткөндөргө сыртка чыгууга да чектөө коюлган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Казакстанда 5-июлдан 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады. 

5-июлдан 19-июлга чейин Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жайлар:

  • Сулуулук салондору;
  • Спорт зал, фитнес-борбор, бассейндер;
  • Үстү жабык тамак-аш саткан базарлар;
  • Аквапарктар;
  • Музей, жарманке, конференция жана башка маданий объектилер;
  • Көңүл ачуучу борборлор, мектепке чейинки балдар мекемелери;
  • Диний объектилер;
  • Соода жана көңүл ачуу борборлору ( караоке, бильярд, компьютердик клуб, боулинг борборлор), кинотеатр, лагерлер.

Тойкана, түнкү клубдар жабылат. Баш ийбесе жарыгы, суусу өчүрүлмөй болду

Мындан сырткары, көчөдө үчтөн ашык кишинин чогуу басуусуна да тыюу салынып, жашы 65тен өткөндөргө сыртка чыгууга да чектөө коюлган.

Шаар жана аймактар ортосуна блокпосттор коюлбай турганы айтылды.

Коомдук транспорт эртең мененки саат 06:00дөн 10:00гө чейин жана кечкисин 17:00дөн 21:00гө чейин иштей турганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0