Казакстанда коронавирус жуктургандар 1000ге чукулдады. Коңшулардагы абал

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛабораториянын ишкерлери жумуш учурунда. Архив
Лабораториянын ишкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштеген медиктер мейманканага жатып иштесе, Өзбекстан COVID-19 аныкталган оор абалдагы бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүдө.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Коңшу Казакстанда бир түндө эле 10 адамдан коронавирус аныкталып, бул вирусту жуктургандардын саны 1000ге чукулдады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

COVID-19 вирусун жуктургандардын көбү Нур-Султан (252), Алматы (172) шаарларында. Акыркы маалыматтар боюнча, вирустан 99 адам айыгып, оору 10 кишинин өмүрүн алган.
Коронавируска кабылгандарды дарылаган медиктер айлап үй бетин көрө элек. Алсак, Павлодар облусунда бейтаптар менен тыгыз байланышта иштеген дарыгер, медайымдар жакындарына жолукпай, мейманканага барып келип иштешүүдө.

Өзбекстанда да коронавирус жуктургандардын саны азайган жок. Учурда бейтаптардын саны 800гө жетти. 42 адам оорудан айыкса, төрт киши мерт болду.

Вступление в должность нового премьер-министра Великобритании Б. Джонсона  - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккан британ премьери Борис Жонсон ооруканадан чыкты
Маалыматтарга караганда, Өзбекстан COVID-19 аныкталган оор абалдагы бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүдө. Анда дарыгерлер айыккандардын канын оор абалдагы бейтапка куюшат.

Тажикстан коронавирус жуктура элек саналуу өлкөлөрдүн катарында. Бүгүнкү күндө мында COVID-19 вирусу каттала элек. Бирок сырттан келген жарандарын карантинге киргизип, дарттын алдын алышууда.

Оорунун очогу аталган Кытайда акыркы суткада 108 адамдан коронавирус аныкталган. Бир суткада эки киши каза болсо, 88и айыгып чыккан. Жалпы жонунан Кытайда 83 миңден ашык адам ооруну жуктуруп алса, 76 миңден ашыгы айыкты. Көз жумгандар —3343.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 79га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0