17:30 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (483)
266 0 0

Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109га жетти. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, булардын бир бөлүгү ооруканаларда дарыланып жаткан. Калган бөлүгүнүн вирус жуктуруп алганы акыркы күндөрү билинди.

"Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар. Учурда алар жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларга жаткырылып, байланышта болгон адамдарды текшерүү иштери башталды", — деди Абаев.

Буга чейин Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам сакайып, үйүнө чыгарылганы айтылган.

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылган болчу.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (483)

Тема боюнча

Казакстанда өзгөчө абалдын эрежесин бузган 64 адам камалды
Кыжалат болсоңуз... Акысыз кызмат көрсөткөн психологдордун номерлери
ӨА киргизилген аймактарда жазгы талаа иштери кечеңдеп жатат
Белгилер:
өзгөчө абал, коронавирус, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ