Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты

© REUTERS / STRINGERСитуация в Хубее из-за коронавируса
Ситуация в Хубее из-за коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты Вирусту жуктуруп алгандардын ичинен сакайгандарынын саны барган сайын көбөйүүдө. Азыркы тапта ооруканаларында 5120 гана адам калды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо маселеси үчүн жооп берген мамлекеттик комитетинин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады. 

Билдирмеге ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын ичинен сакайгандарынын саны барган сайын көбөйүүдө. Азыркы тапта ооруканаларында 5120 гана адам калган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду
Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда жалпы жонунан 81 093 адам коронавирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 72 703ү сакайып, ооруканалардан дарыланып чыгышкан.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 336 миңге жетти. Анын ичинде Кытай мамлекети (81 миң) биринчи орунда турат. Экинчи орунда Италия. Бул мамлекетте вирусту илештирип алгандардын саны 59 миңден ашты. АКШда болсо бул сан 33276ны көрсөтүүдө.

Илдеттен дүйнө жүзү боюнча 98 333 адам сакайса, 14 641 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0