Казакстанда үчүнчү адамдан коронавирус табылды

© REUTERS / ALY SONGШаардын көчөсүндө медициналык маскачан кыз. Архив
Шаардын көчөсүндө медициналык маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Германиядан Алматыга келген эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктурган үчүнчү адам аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттыкты сактоо министри Ержан Биртановго таянуу менен билдирди

Маалыматка ылайык, ал аял Италиянын Милан шаарынан 12-мартта Нур-Султанга келген. Карантинге алынып тапшырган анализинин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн.

Буга чейин Германиядан Алматыга келген эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы кабарланган. Алардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0