Коңшулар коронавирустан сактануу үчүн ондогон өлкөлөрдү "кара тизмеге" киргизди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан азырынча беш өлкө менен гана чектелип турат. Алар: Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Япония.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Коңшу Казакстан өзү үчүн коронавирус эпидемиясы жактан кооптуу деген өлкөлөрдүн тизмесин толуктап, 20га жеткирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Мамлекеттер кооптуулугу жагынан үч категорияга бөлүнгөн. Биринчисинде Кытай, Иран, Түштүк Корея жана Италия мамлекеттери турат. Экинчи тепкичте Испания менен Германия. Андан кийинки орунда Япония, Таиланд, БАЭ, Франция, Швеция, Малайзия, АКШ, Сингапур, Кувейт, Бахрейн, Ирак, Улуу Британия, Швейцария жана Гонконг жайгашкан.

Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирус жана сасык тумоодон улам Бишкектеги эл ташыган автоунаалар текшерилүүдө
Маалыматка караганда, аталган өлкөдөн келип Казакстанга киргендердин баары категориясына жараша атайын жайларда же үй шартында 14 күндүк карантинден өтүүгө милдеттүү. Коңшулар мындай чектөөлөргө казакстандыктарды коронавирустан коргоо максаты себеп экенин айтат.

Ал эми Тажикстандын коронавирус боюнча "кара тизмесинде" 35 өлкө бар. Алар: Кытай, Япония, Түштүк Корея, Вьетнам, Сингапур, Австралия, Малайзия, Камбоджа, Филиппин, Таиланд, Непал, Шри-Ланка, Индия, Финляндия, Италия, Британия, Испания, Швеция, Бельгия, Израиль, Австрия, Хорватия, Швейцария, АКШ, Канада, БАЭ, Египет, Иран, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Оман, Афганистан, Ирак жана Алжир.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизоданын айтымында, жергиликтүү авиакомпанияларга учактарынын бортторуна бул өлкөнүн жарандарын салууга тыюу салынган.

Өзбекстанда дагы кооптуу деп эсептеген өлкөлөрдү бир нече категорияга бөлүштү. Биринчи катарда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Афганистан жана Япония турат. Экинчи категорияга Франция, АКШ, Германия, Сингапур, Испания, Гонконг, Макао жана Тайвань кирген.

Үчүнчү жана төртүнчү категорияда Таиланд, Азербайжан, Улуу Британия, Малайзия, БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Армения, Беларусь, Оман, Пакистан, Грузия, Чехия, Ирак, Ливан, Канада, Литва, Эстония, Румыния, Греция, Нидерланддар, Норвегия, Австрия, Дания жана Швеция.

Бул жагынан Кыргызстан азырынча беш өлкө менен гана чектелип турат. Алар: Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Япония.

Троллейбустун салонун дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус Кытайда басаңдап, дүйнөнүн башка жактарында көбөйө баштады
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү COVID-19 коронавирусу Кытайдын өзүндө басаңдап, башка өлкөлөрдө тез жайылып кетти. Мисалы, Италияда коронавирус жуктургандардын саны 7-март күнү 4636 болсо, бүгүн 5883кө жетти. Түштүк Кореяда бул көрсөткүч 6767ден 7134кө, Иранда 4747ден 5423кө көтөрүлдү. Ошондой эле вируска кабылгандар Франция (949 киши) менен Германияда (800 киши) көбөйүп кеткенин көрүүгө болот. Кытайда бул көрсөткүч бир нече күндөн бери 80 миңдин тегерегинде кармалып турат.

Жалпысынан айтсак, 8-март күнү эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0