Казакстанда 13 жаштагы кыздын ашказанынан шар сымал чач чыкты. Видео

CC0 / Pixabay / PezibearБолезнь трихофагия
Болезнь трихофагия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтап Жамбыл облусунун балдар ооруканасына ичи ооруп кайрылган. Дарыгерлер операция жасап, андан узундугу 40 сантиметрге жеткен чач алып чыгышкан.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунун дарыгерлери 13 жаштагы кыздын ашказанынан бир килограммдан ашык чач алып чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бейтап Жамбыл облусунун балдар ооруканасына ичи ооруп кайрылган. Дарыгерлер кызды карап, анын ашказанында бир нерсе бар экенин айтышкан.

"Кызга операция жасалып, дарыгерлер ашказанынан узундугу 40 сантиметрге жеткен чач алып чыгышкан. Үймөк чач ашказанды толтуруп, тамак сиңирүү системасын бузгандыктан өспүрүм арыктай баштаган", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгер Азат Сатжановдун айтымында, психикалык жактан абалы туруктуу болбогон адам чач жейт.

"Алгач чачын оозуна салганды адат кылып, кийин жей башташат", — деди Сатжанов.

Кызга жасалган операция ийгиликтүү аяктаган. Учурда бейтап дарыланып жатат. Аны менен психологдор иштөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0