02:30 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Азия
Кыскача шилтеме алуу
904 0 0

2001 жана 2002-жылдары төрөлгөн балдар жеринде жан берген. Ал эми машинасына баллон байлаган айдоочу полициянын колуна түштү.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстанда автоунаанын артына баллон байлап муз тээп бара жаткан эки бала маңдайда келе жаткан машинага урунуп каза тапты. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-январда Бескаргай облусунда болгон. Анда Nissan Terrano унаасынын 19 жаштагы айдоочусу машинасынын аркасына баллон байлап, ага 2001 жана 2002-жылдары төрөлгөн тааныштарын отургузуп алып айдаган.

"Баллондогу жаш балдар сүрүлүп барып каршы тилкеде келе жатканы унаанын алдына кирип кеткен. Алар алган жаракатынан улам көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Бескаргай райондук полициясы Nissan Terrano унаасынын айдоочусун кармап, тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дагы дайындалды.

Аталган факты боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин төртүнчү бөлүгү ("Жол эрежесин бузуу, кылдатсыздыктан өлүмгө алып келүү") боюнча соттук өндүрүш иши башталды.

Бул берене менен күнөөлөнгөндөр беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Белгилер:
өлүм, баллон, жол кырсык, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ