00:03 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Алматыда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан учак кулады (26)
231 0 0

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына төрт миллион теңгеден (800 миң сом) берилет. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министр Аскар Маминге таянуу менен билдирди.

Өкмөт башчы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөргөн.

"Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча каза болгон адамдардын баарынын үй-бүлөсүнө төрт миллион теңге (10,5 миң доллар) берилет. Мындан сырткары, жаракат алгандарга да каржылык жардам көрсөтүлөт", — деп айткан Мамин.

Ошондой эле ал түзүлгөн комиссия 10-январга чейин алдын ала корутунду чыгарышы керектигин белгилеген.

Алматыдагы авиакырсык
© Фото / Пресс-служба Международного аэропорта Алма-Аты
Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Жүргүнчүлөрдүн арасында бир кыргызстандык болгон, анын абалы канааттандырарлык.

Тема:
Алматыда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан учак кулады (26)

Тема боюнча

Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты
Балдар чыңырып ыйлап... Алматыдагы авиакырсыктан аман калган Асландын баяны
Белгилер:
Аскар Мамин, жардам, акча, өлүм, кырсык, Алматы

ЭҢ МААНИЛҮҮ