Димаштын азан чакырып коюлган аты башка. Ырчы тууралуу даректүү тасма чыкты

Жазылуу
Димаш Кудайбергеновдун апасы кош бойлуу кезинде ага баласы келечекте дүйнө жүзүнө белгилүү болорун айтышкан.

Димаштын үй-бүлөсү менен жакындан катташып жүргөн 90 жаштагы кемпир Светлана Айтпаевага (Димаштын апасы) карындагы бала өзгөчө таланттын ээси болорун түшүндө көргөнүн айтып берген. Бул туурасында "Аалам назарындагы Димаш" деп аталган даректүү тасмада баяндалат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Миуа Низамутдинова (@miuaniz)

Тасмада ырчынын чоң ата, чоң энеси маек берип Димаштын азан чакырылып коюлган аты Динмухаммед экенин белгилешкен.

"Мен неберемди музыка мугалимине алып барганда ага бир нече ноталарды көрсөтүп берсе, артынан аны өзүндөй кылып ойноп берди. Ошондо мугалим анын музыкалык шыгы абдан жогору экенин айткан. Ал убакта Димаш беш жашта болчу", — деп баяндайт чоң энеси Миуа Низамутдинова.

Димаш улуу небере болгондуктан казактардын эски салты боюнча чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0