БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытайда дүйнөдөгү эң узун деп эсептелген көпүрөнүн курулушу соңуна чыкканын РИА Новости өлкөнүн темир жол корпорациясына таянуу менен жазды.
16,34 чакырымдык көпүрөнүн курулушу 2013-жылы башталган, эми аны ишке 2020-жылы берүү пландалууда. Көпүрө туристтер арасында популярдуу болгон Пинтань аралын Фуцзянь провинциясы менен байланыштырары маалым.
Синьхуа агенттигинин жазганына караганда, аба ырайынын катаал шартынан улам, башкача айтканда, катуу шамал, деңиздеги бороон-чапкындан бул долбоорду ишке ашыруу бир топ эле машакаттуу болгон.
China completes main structure of world's longest cross-sea road-rail bridge in Fujian Province. #HighSpeedRail pic.twitter.com/Cr0oNP2xXj
— China Xinhua News (@XHNews) 25 сентября 2019 г.
Көпүрө эки деңгээлдүү конструкциядан турат, өйдөкүсү алты тилкелүү автомобилдик трасса болуп, андан саатына 100 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө мүмкүн болот. Ал эми ылдыйкысына темир жол салынып, поезддердин ылдамдыгы саатына 200 чакырымды түзөрү айтылды.