Казакстанда 10 жашар кыздын ашказанынан топтошуп калган чач алып чыгышты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация на позвоночнике
Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага кызды ата-энеси ичи ооруп, басылбай жаткандыктан алып келишкен.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынын медиктери уникалдуу операция жасап, 10 жаштагы кыздын ашказанынан жыйналып отуруп тоголоктошуп калган чачты алып чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Ооруканага кызды ата-энеси ичи ооруп, басылбай жаткандыктан алып келишкен.

"Дарыгерлер кызды текшерип чыккан соң тез арада операция жасоону чечкен. Тоголоктошуп калган чачтын көлөмү медиктерди таң калтырды. Алардын айтымында, кызды бир аз гана кечирээк алып келишкенде, өмүрүн сактап калуу татаал болмок", — деп жазылат макалада.

Маалыматка караганда, бул илдет трихобезоар деп аталат. Ага көбүнесе невр системасында мандеми бар кыздар кабылат. Мындай оорулуулар бир нерсеге кыжырланса эле чачын оозуна салып чайнай баштайт. Ошол маалда кырчылган чачтар жутулуп, ашказанга чогулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0