БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытайлык белгилүү сүрөтчү Чжао Уцзинин тарткан сүрөтүн Гонконгдогу аукциондо белгисиз жаран 65,2 миллион долларга сатып алганын "Известия" басылмасы жазды.
Sotheby's аукцион үйүнүн маалымдашынча азиялык сүрөтчүлөрдүн эмгеги биринчи жолу эң кымбат сатылып жатат.
Zao Wou-ki’s ‘Juin-Octobre 1985’, said to be the largest painting he created, went under hammer for HK$450m and sold for HK$510m/ US$65m including buyer’s premium at @Sothebys Hong Kong sale today, the most expensive oil painting sold at any auction in HK #artmarket pic.twitter.com/Qs32ueJDGU
— Vivienne Chow (@VivienneChow) 30 сентября 2018 г.
"Июнь-октябрь 1985" аталышындагы сүрөт көлөмдүү келип, узуну 10 метр, туурасы 2,8 метрди түзөт. Ал Сингапурдагы Raffles City имаратынын кире беришин көрккө бөлөп турчу.
Аукциондун уюштуруучулары эң көп 45 миллион долларга сатабыз деп пландашкан. Бирок сунушталган сумма андан көп болуп чыкты.