03:33 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Азия
Кыскача шилтеме алуу
99510

Эркек кишинин үйдүн подъездинде балага асылып жатканы түшүп калган видео социалдык тармактын колдонуучуларын дүрбөлөңгө салган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Казакстандын Шымкент шаарында үйдүн подъездинде балага кол салды деген шек менен эркек киши кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгына таянуу менен Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Турак жайдын подъездине орнотулган видео камерадан алынган тасма социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу тарап кеткен. Анда бир кишинин кичинекей бала менен алпурушуп жактанын, андан кийин тепкичтин алдына жашынып калганын көрүүгө болот. Ал эми башка камерага үйгө аялдын кирип бара жатканы, ал эми эркек киши чуркап чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Полициянын айтымында, окуя 1-июль күнү болгон. Кылмышка шектүү киши изи суубай колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Окуянын чоо-жайын иликтеп, аныктоо үчүн тийиштүү бардык экспертизалар дайындалган.

Тема боюнча

Казакстан жаңы жылдан тарта педофилдерди бычып жазаламай болду
Ысык-Көлдө тестиер баланы кордогон деген шек менен 26 жаштагы адам кармалды
Белгилер:
полиция, педофил, Шымкент

ЭҢ МААНИЛҮҮ