Өзбекстандын соттору мындан ары курал алып жүрөт

© AFP / DAMIEN MEYERПистолеттер. Архив
Пистолеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эреже 16-март күнү расмий түрдө ишке кирди

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Өзбекстанда сотторго өздөрүнүн коопсуздугу үчүн курал берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Аталган министрлик жаңы иштеп чыккан эрежелерине ылайык, укук коргоо органдары соттордун, соттук процесстердин жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздайт.

"Зарыл болгон учурда куралчан күзөт кызматы соттордун үй-бүлөсүн дагы кайтарат", — деп жазылат макалада.

Мындан тышкары, 16 жашка чейинки балдар соттук процесске түздөн-түз тиешеси болбогон учурда сот залына киргизилбейт.

Ошондой эле адам тагдыры чечилип жаткан бөлмөгө сот төрагасынын макулдугу жок телефон, диктофон жана фотоаппарат алып керүүгө болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0