Өзбекстанда имаратты сүрөткө тартууга салынган тыюу жоюлду

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүФотоаппарат көтөргөн турист. Архив
Фотоаппарат көтөргөн турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министрликтер жана башка мамлекеттик органдар жайгашкан имараттар менен өнөр жай объектилерин сүрөткө жана видеого тартуу үчүн атайын уруксат алуу керек болуп келген

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Эми Өзбекстанга келген туристтер коомдук жайларды, имараттарды жана башка курулуштарды сүрөткө, видеого ээн-эркин тарта алат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандык делегация Чүй менен Оштогу компаниялардын ишин көрөт
Мындай иштер өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин "Туризмди өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" токтомуна кол койгондон кийин мүмкүн болгону айтылат.

Буга чейин министрликтер жана башка мамлекеттик органдар жайгашкан имараттар менен өнөр жай объектилерин сүрөткө жана видеого тартуу үчүн атайын уруксат алуу керек болуп келген.

Андан сырткары, аскер бөлүктөрү менен ири ишканаларды тартуу дагы катуу көзөмөлдө болчу. Жаңы токтомдо бул имараттарды дагы сүрөт, видео тартууга уруксат берер-бербеси так көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстан туризмди өнүктүрүү боюнча чараларды эми көрүп баштаса, Кыргызстандын Баткенинде туристтерди кантип тосуу керектиги боюнча семинарлар өтө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0