20:46 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген

Кыялдар орундалат! Казакстандык Димаш Кытайда жылдын ырчысы аталды

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
24520

Аткаруучу жалпы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, интернетке сыйлык тапшыруу учурундагы видеону жүктөгөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген Кытайдын IQIYI awards сыйлык тапшыруу аземинде жылдын мыкты ырчысы аталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Музыкант өзүнүн Instagram баракчасына сыйлык тапшыруу учурундагы видеону жүктөп, аны колдогон адамдарга ыраазычылыгын билдирген.

"Кыялдар орундалат экен! Мен IQIYI awards сыйлыгында жылдын мыкты ырчысы деп тандалдым. Мага колдоо көрсөткөн күйөрмандарыма, жердештериме жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Сиздерди жакшы көрөм" — деп жазган ал.

Ырчы мындан ары да талыкпай иштей турганын кошумчалап кеткен.

"Бул мен үчүн чоң сыйлык. Азыр жашмын, дагы көптү үйрөнүп, көп нерсеге жетишишим керек. Мага ишенип, колдоп бул сыйлыкты тапшырып жатканыңыздарга рахмат", — деди казак ырчысы.

Буга чейин Димаш аткарган Moonlight over the sea композициясы Hollywood Music In Media Awards сынагында "Мыкты оригиналдуу ыр" деп тандалган.

Ошондой эле ал ASIA NEW SONG эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү. Август айында Гонконгдогу Golden melody awards муызкалык сыйлык тапшыруу аземинде "Жылдын мыкты ырчысы" номинациясын жеңген.

Тема боюнча

Чоң сахнага 36 жашында кадам таштаган Гүлзат Байзакова тууралуу 5 факты
"Ялла" тобунун көркөм жетекчиси Кыргызстандын сыйлыгына ээ болду
Белгилер:
ырчы, сыйлык, Димаш Кудайберген, Казакстан, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ