14:30 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив

Казак полициясы митингге чыккандарды кантип таратуу керектигин үйрөндү. Видео

© AFP 2018 / IGOR NESTEROV
Азия
Кыскача шилтеме алуу
1705 0 0

Социалдык тармактарга Шымкентте полициянын машыгып жаткан учурунда тартылган видео тарады

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Казакстандын Шымкент шаарындагы ипподромдо болуп кете турган ири баш аламандыкка чыккандарды кантип таратуу керектиги боюнча машыгуулар өткөнүн Tengrinews маалымат порталы жазып чыкты.

Казакстанда социалдык тармактар аркылуу полициянын машыгып жаткан учуру тартылган видео тарай баштады. Видеодон колуна плакат жана желим бөтөлкө көтөргөн кишилер полициядан ары өтүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Көпчүлүк колдонуучулар Шымкентте чындап эле баш аламандыктар болуп турарын айтышса, полиция мындай кабарды четке кагууда.

"Мунун бардыгы полиция кызматкерлеринин чындап ушундай окуя болуп кетсе кандай аракеттерди көрүү керектигин өздөштүрүүсү үчүн жасалып жатат. Бул тактикалык машыгуу", — деп облустун ички иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Казак басылмаларынын жазганына караганда машыгууга сырттан киши тартылган эмес.

Тема боюнча

Митинг, пикеттерде жай жаран өзүн кантип алып жүрүшү керек. ИИМдин кеңештери
Белгилер:
митинг, машыгуу, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ