Казакстандык чиновниктин 65 млн. еврого сатып алган батиринин сүрөтү жарыяланды

© Фото / из личного архива Игнаса МювиссенаПокупка квартиры представителем властей Казахстана в Париже за 65 миллионов евро
Покупка квартиры представителем властей Казахстана в Париже за 65 миллионов евро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак бийлигинин өкүлү 65 миллион евролук турак жай менен кошо күзөт кызматкерлери үчүн Mercedes G жана Maybach үлгүсүндөгү унааны сатып алган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты

© Фото / из личного архива Игнаса МювиссенаБельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү.
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү.
© Фото / из личного архива Игнаса МювиссенаБельгиялык риелтор Игнас Мювиссен
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен
1/2
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү.
2/2
Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен

"Мен кыймылсыз мүлк сферасында 20 жылдан бери иштеп келем. Олигархтар менен болгон мамилем абдан жакшы. Алар мага ишенгендиктен бир топ кадыр-барк топтой алдым. Казакстандан бир нече кардарларым болгон. Көбүнчө постсоветтик аймакта жашагандар менен иштешем", — деди Мювиссен.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Карыпбеков 39 чиновник парламентте отуруп бюджеттин 13 миң сомун сарптаганын айтты
Анын айтымында, батирдин ээси болгон казакстандык аткаминер менен конфиденциалдуу түрдө көрүшкөн. Ал ошондой эле риелтор аркылуу үйдү сатып алган киши менен байланышууга мүмкүн эмес экенин билдирди.

"Гуглдан издей турган болсоңор мен иштешкен адамдардын тизмесин таба аласыздар. Бирок мен кардарымдын коопсуздугун сыйлам. Бул нерсе анын үй-бүлөсү үчүн маанилүү. Мен өзүм сатып алуучу менен сатуучуну жолугуштургам. Сүйлөшүүлөр эки саатка созулган", — деп белгиледи Мювиссен.

Ал ошондой эле казакстандык сатып алуучу батир менен кошо күзөт кызматкерлери үчүн Mercedes G жана Maybach үлгүсүндөгү унааларды сатып алганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар инвестициясын сактоо үчүн каражаттарын ар кайсы жакка жумшап келишет. Париж бул үчүн абдан ыңгайлуу жер", — деп кошумчалады риелтор.

Буга чейин да казак өкмөтүнүн өкүлү Франциянын борборунан батир сатып алганы тууралуу маалыматтар ЖМКларга тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0