15:46 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Пекиндин телефон колдонуучусу. Архивдик сүрөт

Кытайда WhatsApp мессенджери жабылды

© REUTERS / Thomas Peter / File Photo
Азия
Кыскача шилтеме алуу
163 0 0

Бул мобилдик сервистин жабылган биринчи учуру эмес. Акыркы жолу өлкө бийлиги аталган тиркемени пайдаланууга быйыл июлда чек койгон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытай бийлиги WhatsApp сервисин жаап салганын The New York Times гезити жазып чыкты.

Гонконг университетинин интернет-коммуникация боюнча адиси Локман Цуйдун айтымында, WhatsApp тиркемесинин иши жекшембиден тарта үзгүлтүккө учурай баштаган. Кытайлык пайдалануучулар бир ирмемде эле аталган тиркемени колдоно албай калышкан.

Гезит өкмөт мындай чечимди 18-октябрга белгиленген Кытайдын Коммунисттик партиясынын XIX съездин утурлай кабыл алышы мүмкүн экенин божолдоодо. Азырынча WhatsApp тиркемесине ээлик кылган Facebook өкүлдөрү абалга түшүндүрмө бере элек.

Эскерте кетсек, Кытайда интернет катаал цензурага тушуккан. 2009-жылы өлкө бийлиги Facebook тармагын жаап салса, 2014-жылы Instagram ушундай эле кырдаалга туш болгон. Мамлекетте Twitter тармагына, Google жана башка бир катар сервиске тыюу салынган.

Тема боюнча

WhatsApp тиркемесинде бизнести илгерилетүүчү жаңы функция пайда болот
Шылуундар элди WhatsApp аркылуу алдоонун жаңы ыкмасын табышты
Белгилер:
интернет, Twitter, Facebook, WhatsApp, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ