Астанадагы массалык мушташ: окуянын чоо-жайы

© © Sputnik / Асем МиржекееваМассовая драка в Астане
Массовая драка в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжалга 30га чукул жергиликтүү жана чет элдик жарандар катышкан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Астанада курулуп жаткан "Абу-Даби Плаза" комплексинин жанындагы массалык мушташ боюнча Sputnik Казакстан кененирээк маалымат берди.

Алгач шаардагы Алматы жана Түркестан көчөлөрүнүн кесилиши жабылганы тууралуу маалым болуп, жөө жүргүнчүлөр, унаалар өтө албай калган. Себебин полиция кызматкерлери "коопсуздук максатында" деп түшүндүрүшкөн. Окуя болуп жаткан жерге Тез жардам кызматы, өрт өчүргүч унаалары, кийинчерээк атайын күчтөрдүн жоокерлери келген.

© © Sputnik / Асем МиржекееваАлгач шаардагы Алматы жана Түркестан көчөлөрүнүн кесилиши жабылганы тууралуу маалым болуп, жөө жүргүнчүлөр, унаалар өтө албай калган.
Алгач шаардагы Алматы жана Түркестан көчөлөрүнүн кесилиши жабылганы тууралуу маалым болуп, жөө жүргүнчүлөр, унаалар өтө албай калган. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Алгач шаардагы Алматы жана Түркестан көчөлөрүнүн кесилиши жабылганы тууралуу маалым болуп, жөө жүргүнчүлөр, унаалар өтө албай калган.
© © Sputnik / Асем МиржекееваСебебин полиция кызматкерлери "коопсуздук максатында" деп түшүндүрүшкөн.
Себебин полиция кызматкерлери коопсуздук максатында деп түшүндүрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Себебин полиция кызматкерлери "коопсуздук максатында" деп түшүндүрүшкөн.
© © Sputnik / Асем МиржекееваОкуя болуп жаткан жерге Тез жардам кызматы, өрт өчүргүч унаалары, кийинчерээк атайын күчтөрдүн жоокерлери келген.
Окуя болуп жаткан жерге Тез жардам кызматы, өрт өчүргүч унаалары, кийинчерээк атайын күчтөрдүн жоокерлери келген. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Окуя болуп жаткан жерге Тез жардам кызматы, өрт өчүргүч унаалары, кийинчерээк атайын күчтөрдүн жоокерлери келген.
© © Sputnik / Асем МиржекееваКөчөлөрдө окуяга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп, айрымдары тартип сакчыларынын "кой" дегенине карабай, абалды чөнтөк телефондоруна тарта баштаган.
Көчөлөрдө окуяга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп, айрымдары тартип сакчыларынын кой дегенине карабай, абалды чөнтөк телефондоруна тарта баштаган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Көчөлөрдө окуяга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп, айрымдары тартип сакчыларынын "кой" дегенине карабай, абалды чөнтөк телефондоруна тарта баштаган.
1/4
Алгач шаардагы Алматы жана Түркестан көчөлөрүнүн кесилиши жабылганы тууралуу маалым болуп, жөө жүргүнчүлөр, унаалар өтө албай калган.
2/4
Себебин полиция кызматкерлери "коопсуздук максатында" деп түшүндүрүшкөн.
3/4
Окуя болуп жаткан жерге Тез жардам кызматы, өрт өчүргүч унаалары, кийинчерээк атайын күчтөрдүн жоокерлери келген.
4/4
Көчөлөрдө окуяга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп, айрымдары тартип сакчыларынын "кой" дегенине карабай, абалды чөнтөк телефондоруна тарта баштаган.

Көчөлөрдө окуяга кызыккан адамдардын саны улам көбөйүп, айрымдары тартип сакчыларынын "кой" дегенине карабай, абалды чөнтөк телефондоруна тарта баштаган. Бул учурда полиция кызматкерлери чогулгандарды күч колдонуп таркатып жибербей, жөн гана алардын кетип калышын суранган. Бирок баары ойдогудай болгон эмес, айрым жарандар тосмодон өтүп кетүүгө аракет кылып, кээ бири кетүүдөн баш тарткан.

Жумуштагы чыр-чатак

Кийинчерээк ИИМ шаардагы курулуп жаткан "Абу-Даби Плаза" комплексинин жанында болгон мушташтан улам тосмолор коюлгандыгын айтып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берген.

Мадина базарынын аймагында күзөтчүлөр менен соодагерлердин ортосунда чыр чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди - Sputnik Кыргызстан
"Мадина" базарынын күзөтчүлөрү менен соодагерлердин ортосунда чыр чыкты
Жаңжал "Абу-Даби Плаза" комплексинин кароолчусу индиялык мас жумушчуну сыртка чыгарбай койгондон улам келип чыккан. Бул учурда чет элдик жаран жардамга мекендештерин чакырып, алар чогулуп кароолчуну ур-токмокко алышкан. Кайдыгер карабаган жергиликтүү жумушчулар кароолчуга жардамга келишкен. Ошентип ортодо 30га чукул адам катышкан массалык мушташ чыгып кеткен.

Окуя болгон жерге Индиянын Казакстандагы элчиси, комплекс куруп жаткан компания жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келген. Акимиаттан билдиргендей, учурда пикир келишпестик жөнгө салынды. Ошондой эле шаардык ички иштер департаменти мушташты жумуштагы чыр-чатак катары сыпатташты.

Кийинчерээк социалдык түйүндө Астананын акими Асет Исекешевдин толкуган жоон топту тынчтандырып жаткан видеосу тараган. Ал ошондой эле журналисттерге болуп өткөн окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып бараарын түшүндүргөн.

Ушактарга ишенбегиле

Полиция шаардык тургундарга провокацияга алдырбай, туура эмес, такталбаган маалыматтарды, ушактарды таркатпоого чакырды. Ошондой эле алар учурда кырдаалды толугу менен полиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

Кийинчерээк тартип коргоо органдары чыр-чатактан жабыркап жана каза болгондор жок экенин айтышып, экөө гана жеңил жаракат алганын баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0