Казакстанда уйлар белгисиз ылаңдан кырылууда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТалаадагы уй. Архив
Талаадагы уй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атырау облусунда 120 уй өлдү, мал доктурлар бодо мал эмнеден кырылып жатканын аныктай албай жатышат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Казакстанда белгисиз ылаңдан уйлар кырылып жатканын Sputnik Казакстан агенттиги "Ак Жайык" порталына таянуу менен жазып чыкты. 

Басылманын маалыматына ылайык, Атырау облусунун Исатай районунда 20-июлдан бери 120 уй өлдү.

"Мал жайлоодо болгондуктан ылаңдаган уйларды ээлери жакага өздөрү алып келип жатышат. Дене табы анчалык деле көтөрүлбөгөнүнө карабастан аларды сактап калууга болбой жатат", — деди аталган райондун ветеринардык бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Ислямгали Мардашев.

Анын айтымында, мал эмнеден кырылып жатканы азырынча белгисиз, алынган материалдар Астана менен Алматынын лабораторияларына жиберилди.

Белгисиз дарт Батыш Казакстанга да жайылууда. Илдеттин негизги белгилери катары малдын дене табынын көтөрүлүшү, алсыз болушу жана терисинин алдындагы дөмпөйгөн шишиктер айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0