Казакстанда эң катуу жөрмөлөгөн ымыркай аныкталды

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүү"Забег в ползунках"
Забег в ползунках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска катышкандардын эң кичинеси жети айлык болсо, эң улуусу 11 айлык.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Актау шаарында эмчек эмген балдардын өзгөчө мелдеши өткөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Билдирмеге ылайык, баса элек бөбөктөр жөрмөлөө боюнча күч сынашкан. Сынактын талабына ылайык, бөбөктөр ата-энесинин жардамысыз 7 метр аралыкты биринчилерден болуп жөрмөлөп өтүшү керек болчу.

"Балам биринчи келсин деген ата-энелер түрдүү ыкмалар менен алардын алдыга озуп чыгуусуна аракет кылышкан. Кээси алдына улам акча койсо, айрымдары заманбап гаджеттер менен алдыга сүрөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Конкурска катышкандардын эң кичинеси жети айлык, эң улуусу 11 айлык болгон.

Марага биринчи болуп бир жашка чыгайын деген кыз келип, ага велосипед-коляска белекке берилди.

Ал эми конкурстун уюштуруучулары мындай үй-бүлөлүк спорттук иш-чараны улантабыз деп сөз беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0