23:27 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Жайлоодогу койлор. Архив

Казакстанда чагылган түшүп койчу менен миңден ашык кой өлдү

© Sputnik / Сергей Киркач
Азия
Кыскача шилтеме алуу
284 0 0

Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр койдун өлүгүнүн арасынан кишинин да сөөгүн табышкан

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Костанай облусундагы талаага чагылган түшүп, анын кесепетинен койчу менен миңден ашык кой өлгөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди. 

Аймактык прокуратуранын маалыматына караганда, чагылган кой жайылып жүргөн жерге 6-июлда түшкөн. Андан кийин талаада өрт чыккан. Аны өчүрүү үчүн келгендер 1406 кой күйүп кеткенин жана бир кишинин сөөгүн табышкан.

"Алдын ала маалымат боюнча койчу менен койлор чыккан өрттүн түтүнүнө ууланган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тема боюнча

Москвадагы нөшөр: чагылган түшкөн жерден бир адам каза болду
Казакстанда чагылган 12 жаштагы бала менен эки кишинин өмүрүн алды
Белгилер:
чабан, кой, чагылган, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ