12:04 24 Бугу 2017
Түз эфир
Куруучулардын баш кийими. Архивдик сүрөт

Казакстанда эки айдан бери маяна албаган куруучулар жолду буушту

© Sputnik / Игорь Зарембо
Азия
Кыскача шилтеме алуу
45 0 0

Курулушчулар "Алматы арена" спорт комплексинин маңдайындагы Бауыржан Момышулы атындагы көчөнү тосушкан.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Казакстанда эки айдан бери маяна албаган куруучулар жолду буушту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, курулушчулар "Алматы арена" спорт комплексинин маңдайындагы Бауыржан Момышулы атындагы көчөнү тосушкан.

"Ақтілек Құрылыс Компаниясы-2016" ишканасынын жумушчулары март, апрель айындагы маяналарын төлөө талабы менен бир канча убакытка жол тосушкан", — деп жазылат маалыматта.

Жаралган кырдаалга Алматы калаасынын миграция жана эмгек инспекциясы кийлигишип, жумушчулардын маяналары 22-майга чейин берилмей болду.

Тема боюнча

Казакстанда 5-кабаттан кулап кеткен наристе аман калды
Белгилер:
курулуш, жол тосуу, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ