Казакстандын хоккейчи кыздарынын мушташы тартылган видео тарады

Жазылуу
Чемпионаттын финалын Алматы шаарынын "Айсулу" командасы жеңип алды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Казакстандын хоккей боюнча чемпионатынын финалында Алматы шаарынын "Айсулу" жана Астананын "Томирис" командаларынын оюнчу кыздары тобу менен мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Финалдын жыйынтыгы "Айсулу" командасынын жеңиши менен аяктады.

Хоккейчи кыздардын мушташы социалдык тармактарга да чыкты. Айрым интернет колдонуучулар "биздин кыздар бир гана хоккейге эмес, мушташта дагы кыйын" деген пикирлерин жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0