01:57 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Паранжа кийген аялдар. Архив

Назарбаев ашкере динчил аялдарга кара түстөгү кийим кийүүгө тыюу салууну көздөөдө

© AFP / DELIL SOULEIMAN
Азия
Кыскача шилтеме алуу
37810

Казакстандын президенти ханафий масхабдын негиздерин мыкты өздөштүргөн адистерди даярдап, эл арасында түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев салттуу эмес диний агымдын өкүлдөрүнүн кийимин өлкөдө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги эл башынын маалымат кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Назарбаев диндин казак элинин турмушундагы маанилүүлүгүн жана мамлекет тарабынан диндер аралык мамилени жөнгө салууда чара көрүлүүсү керектигин баса белгиледи.

"Мамлекет бул маселеге өзгөчө көңүл бурат. Атайын министрлик түзүлүп, бул тармактагы көйгөйлөрдү анализдеп, аны чечүү жолдорун ишке ашырат. Жакында эле мен акыл-эсти өнүктүрүү, ошол эле учурда өзүбүздүн тарыхый жана руханий байлыгыбызды байытуу жөнүндө макала жарыяладым. Патриоттуулук, мекенге болгон сүйүү, өлкөдөгү туруктуулук — бул биздин келечегибиз. Ал үчүн бардыгыбыз чогуу аракеттенишибиз керек", — деди Назарбаев.

Ал ошондой эле санариптик технология өнүгүп жаткан заманда Казакстан өзүнүн улуттук маданиятын, баалуулуктарын жана салт-санаасын сактап калышы керектигин баса белгиледи.

Назарбаев өлкөнүн жаштары жетишсиз жана туура эмес маалымат алганы үчүн сакалын коё берип, шымдарынын этегин кесип жатканын айтты. Андан сырткары, кара кийген казактын кыздары көбөйгөнүн, алардын мындай жоругу казак элине жана салт-санаасына жат экенин кошумчалады.

"Андыктан бул көйгөйгө мыйзамдын деңгээлинде тыюу салуу боюнча чараларды көрүү керек. Казактар кара кийимди аза күткөндө гана кийген", — деди эл башы.

Казакстандын президенти ошондой эле ханафий масхабдын негиздерин мыкты өздөштүргөн адистерди даярдап, эл арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Тема боюнча

Абдишүкүр ажы Нарматов: кайнаган суудан жүзүңдү көрө албайсың...
Канада телеканалында алып баруучу биринчи ирет экранга хиджаб менен чыкты
Белгилер:
кийим, ислам, дин, Нурсултан Назарбаев, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ