Өзбекстандын БШКсы шайлоо жыйынтыгын чыгарып, Мирзиёевдин жеңишин тастыктады

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта шайлоо Өзбекстандын конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын негизинде өттү деп жазылат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Өзбекстандын БШКсы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарды. Анда талапкерлердин бири Шавкат Мирзиёевдин жеңиши тастыкталды. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын БШКнын маалымат кызматына таянып кабарлады.

Өзбекстандын желегин кармаган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан 27 мамлекет үчүн виза режимин жокко чыгарды
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, тизмеге катталган 20 млн 461 миң 805 шайлоочунун 17 млн 951 миң 667си же 87,73 пайызы катышкан. 

Анда Өзбекстандын президенттигине төрт талапкер ат салышкан. Демократиялык "Миллий тикланиш" партиясынын талапкер Сарвар Отамуратовго шайлоочулардын 2,35 пайызы, Хатамжон Кетмоновго 3,73 пайызы добуш берген. "Адолат" социал-демократиялык партиясынан талапкери Нариман Умаров элдин 3,46 пайыз добушун алган. 

"4-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Либерал-демократиялык партиясынан жана ишкер адамдар кыймылынын талапкер болгон Шавкат Мирзиёев жеңди", — деп айтылат БШКнын маалыматында. 

БШКнын акыркы жыйынтыгы боюнча, Либерал-демократиялык партиясынан талапкер болгон Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 88,61 пайызынын добушун ала алган. 

Маалыматта шайлоо Өзбекстандын конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын негизинде өттү деп айтылат. 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримовдун эстелиги Москва шаарына коюлат
Ага АКШ, Европа, Азия жана Африкадан жалпысы 46 өлкөдөн 600дөй байкоочулар келген. Андан сырткары КМШ, ЕККУ, ШКУ, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясынын жана Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулары дагы катышкан. Буга кошумча шайлоо процессин партиялардын 37 миңдей байкоочулары көзөмөлгө алгандыгы маалымдалган. 

Мурдагы президент Ислам Каримов 2016-жылдын 2-сентябрында 78 жашында каза болгон. Ал Өзбекстанды 26 жыл башкарган. Каримов каза болгондон соң жаңы мамлекет башчыны шайлоого чейин анын кызматын премьер-министр Шавкат Мирзиёев аткарып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0