Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүПрезидентские выборы в Узбекистане
Президентские выборы в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучулардын божомолунда өлкө башчылыкка Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиеёвдин мүмкүнчүлүгү жогорураак болуп турат.

БИШКЕК. 4-дек. — Sputnik. Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат, ага төрт саясий партия төрт талапкерди көрсөткөн.

Президентские выборы в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы өзбектер президентти шайлоодо Бишкектеги элчиликтен добуш берет
Либерал-демократиялык партиясы учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевди, Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиясы Хотамжан Кетмоновдун талапкерлигин сунуштаган. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. 

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 9381 участка даярдалган. Мындан сырткары, башка мамлекеттерде 44 шайлоо участкасы ачылган. Добуш берүү жергиликтүү саат 6:00дөн 20:00гө чейин болот. 

Саясат таануучулардын божомолунда өлкө башчылыкка Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиеевдин мүмкүнчүлүгү жогорураак болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0