Алматыдагы базардын чатыры кишилердин үстүнө кулады

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлма-Ата шаары. Архив
Алма-Ата шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан эки киши жабыркап, Тез жардам кызматына кайрылган. Алар шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарындагы базардын чатыры урап, андан эки киши жаракат алганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Байсат" базарынын чатыры урап түшкөн. Окуя түшкө маал болгон.

Рухнул навес на рынке РИОМ (бывший Азамат) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"РИОМ" автобазарында кайрадан бастырма урап, унааларды басып калды
Кырсыктан жабыркаган эки киши Тез жардам кызматына кайрылып, алар шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

Базардын чатыры эки-үч күндөн бери жааган карды көтөрө албай урашы мүмкүндүгү айтылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "РИОМ" автобазарында дагы бастырмалар урап, машиналарды басып калган. Бактыга жараша, андан адамдар жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0